Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Хавьер Солана Египеттин жетекчилери менен жолугушууда


Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Солана бүгүн Каирде Египеттин президенти Хосни Мубарак менен Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы тынчтык планын талкуулады. Сүйлөшүүдөн кийин Солана Израилди жана палестиналыктарды саамалыкты колдоп, бейпилдик орнотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого үндөдү:

- Ансыз да далай убакытты бошко кетирдик. Канча кишинин башына мүшкүл түштү. Азыр эми тынчтык планын тез арада ишке ашыруунун жолдорун издөөгө мезгил келди.

Кечээ Солана менен жолукканда Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Махер Израилдин соңку чаралары канааттандыраарлык эмес деп билдирген. Жакында Израиль басылып алынган аймактарда жол чектөөлөрүн азайтып, 180 чакты палестиналык айыпкерди бошотоорун жарыялаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG