Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Чеченстанда жардыруудан 37 киши ажал тапты, 195и жарадар


Жардыруу жумурияттын түндүгүндөгү Знаменское шаарчасындагы өкмөттүк комплексте орун алды. Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын директору Николай Патрушевдин сөзү боюнча:

- Камаз машинасы жергиликтүү администрациянын имаратын, ФСБны жана милийса бекетин көздөп бараткан. Аны комплексти курчап турган бетон дубалдан 30 метр жерден, көзөмөлдөө бекетинде токтотушкан. Машина ошондо жарылган.

Патрушев ошондой эле курмандыктардын көбү карапайым кишилер экендигин билдирди.
Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин бул чабуул Чеченстандагы "саясий элдешүүгө" бөгөт боло албайт деп билдирди:

- Бул сыяктуу аракеттер Чеченстандагы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуу процессин токтотууга багытталган. Биз буга жол бере албайбыз, биз буга жол бербейбиз дагы.

Анын аралыгында, Маскөөдө көп кабат үйдүн гаражында өрт чыгып, 10 киши набыт болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG