Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Пол Бремер: Вашингтон бийликти тез арада ирак элине өткөрүп берүүнү каалайт


Ирактын АКШ көзөмөлдөгөн администрациясындагы эң жогорку кызматка Пол Бремер өткөн аптада бекиген эле. Буга чейин түштүктөгү Басра шаарында болгон Бремер Багдадда мындай деди:

- Биз колонизатор өлкө эмеспиз. Биз ирак элине өз өлкөсүн тез арада өзүнө кайтарып берүү үчүн жүрөбүз.

Ирак шийилеринин жол башчысы кечээ америкалык оккупациялык күчтөрдү өлкөдөн чыгарууга чакырган эле. 23 жыл Иранда сүргүндө жашаган Ирактын Исламдык Төңкөрүш Кеңешинин жетекчиси Аятолла Мохаммед Бакир ал-Хаким Насирияда сүйлөгөн сөзүндө АКШ баштаган оккупациялык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып, ирак элине өз өкмөтүн өзү түзүүгө жол берүүгө чакырган. Хакимдин кыймылы Иракта исламчыл бийлик орнотууну жактайт.
АКШнын Мамкатчысы Пауэлл бүгүн Иракта исламдык күчтөрдүн бийликке келиш коркунучу бар экендигин эскертип, ирак коомунун бардык өкүлдөрү кирген өкмөт түзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG