Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

ООГАН ӨКМӨТҮНДӨГҮ ТУУГАНЧЫЛЫК


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстанды беш жыл бою бийлеген талибдер мындан бир жарым жыл мурда кууп чыгылып, жаңы өкмөт түзүлгөнүнө бир жыл болсо дагы, өлкөдө азырынча толук тартип орной элек. Анын себептери көп, бирок кээ бир экперттердин пикиринде, андай башаламандыкка коррупция жана тууганчылык өтө көп салым кошууда.

Отуз жылга уланган согуш жана өзгөчө талибдер бийлик кылган акыркы беш жылдын кесепетин ылдам жоюу өтө кыйын, ошондуктан Ооганстандагы турмуш толугу менен калыбына келээр күн жакын эмес. Анын үстүнө, донор өлкөлөр менен эл аралык уюмдар убадалаган жардам да толук өлчөмдө берилбей жатат, талибдер менен террордук "ал-Каида" уюмунун калдыктары болсо мезгил-мезгили менен өкмөттүк күчтөргө кол салуусун улантып жатканын эске алсак, абал канчалык татаал экенин түшүнсө болот. Хамид Карзайдын өкмөтүнүн бийлиги болсо, кээ бир байкоочулардын пикиринде, Кабул шаарынан алыс кетпейт.

Бирок ооган өкмөтүнүн ишин иритип жаткан дагы бир орчундуу нерсе - тууганчылык менен таанышчылык. Өлкө чарбасы дээрлик толугу менен кыйрандыга учурап турган кезде киреше табуунун бирден-бир булагы - өкмөттүк кызматка илинип калуу болууда.

Мисал үчүн, Ооганстандын Алманиядагы соода өкүлү - соода министри Саид Мустафа Козиминин жээни. Министрдин дагы башка эки жээни - Бириккен араб эмираттары менен Ирандын Мешхед шаарында соода өкүлдөр болуп иштейт, ал эми дагы бир жээни - Кабул шаарынын бажы кызматынын башчысы. Министр Козиминин кайниси болсо Ооганстандын Соода палатасынын башчысы, анткен менен анын жогорку кызматка дайындалган туугандары аны менен бүтпөйт - министрдин дагы бир жээни өлкөнүн Азык-түлүк менен камсыздоо башкармалыгын жетектейт.

Бирок өлкө чарбасынын бир тармагын мындай тууганчылык ыкмасы менен жалаң эле соода министри башкарбайт. Коргоо министри Мохаммед Касим Фахимдин жээни Ооганстандын Берлиндеги аскерий өкүлү болуп иштейт, тышкы иштер министри Абдулла Абдулланын иниси болсо - коргоо министрлигинде жогорку кызматка дайындалган. Герат провинциясынын акими Исмаил Хандын уулу - авиация жана туризм министри, генерал Абдулрашид Достумдун иниси Абдулкадыр болсо Бишкекте элчи болуп отурат. Белгилүү саясатчы Канунинин эки жээни - Болгария менен Украинадагы ооган элчилери. Ал эми убактылуу өкмөттү жетектеген Хамид Карзай болсо өзүнүн эки агасы - Абдулазиз менен Абдулгафорду - Мисир менен Чехиядагы ооган элчилери кылып дайындап салган.

Өлкөнүн шаардык өнүгүү министри Мухаммед Юсуф Паштун "Азаттыктын" кабарчысы Фарангиз Нажибулла менен маектешкенде, мындай тууганчылык Ооганстанда азыр кеңири тараганын моюнга алып, анын себебин түшүндүрүүгө аракеттенди: "Тууганчылык Ооганстанда өтө кеңири тараганы чын. Ал - советтик аскерлерге каршы болгон жихад учурунда чыккан. Ал мезгилде социалдык теңдик тууралуу ойлонууга чоло болгон эмес, ал кезде ар ким өз коопсуздугун биринчи орунга койгон. Ошондуктан ар бир жетекчи өзүнүн айланасына - ага берилген, ишенимдүү адамдарды топтогонго аракеттенген".

Министрдин айтымында, жетиштүү айлык ала ала турган кызматтар өлкөдө азырынча өтө аз болгону да тууганчылык менен таанышчылыкты күчөтүүдө. Чет өлкөлүк уюмдардын жардамы менен жеке менчик ишканалар жана өкмөттүк эмес уюмдардын санын көбөйтүү менен тууганчылыкты келечекте азайтса болот. Жеке менчик ишкананын башчысы эң биринчи кезекте киреше таап, өз ишканасын өркүндөтүүгө кызыгып, ал үчүн кызматка жогорку сапаттагы адистерди алууга мажбур болот.
XS
SM
MD
LG