Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ИРАКТАГЫ БАШКАРУУЧУЛУК ОЙДОГУДАЙ ЭМЕС


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын жаңы убактылуу америкалык башкаруучусу болуп дайындалган Пол Бремер 12-май күнү Багдадка келди. Мурдагы башкаруучу Жей Гарнер жана башка бир нече жогорку кызматкер Ирактан кетип жатат. Багдад жана башка шаарлардын көчөлөрүн ирак-америкалык биргелешкен полиция күчтөрү көзөмөлдөй баштады, бирок кээ бир шаарларда керексиз кагылышуулар болуп, карапайым адамдар да мерт болууда.

Ирак эли арасындагы антиамерикалык маанай дагы эле күчтүү жана өткөн аптада өлкөгө кошуна Ирандан аятолла Хаким кайтып келип, элди АКШга каршы үгүттөй баштаганда, абал ого бетер татаалданды. Ошондуктан, убактылуу америкалык башкаруучулук алмашылып жаткандыктан, мурдагы жетекчилик бардык коюлган милдетти аткара албаганы үчүн кетип жаткандай. Жей Гарнердин өзүнүн жана Мамлекеттик катчылыктын өкүлдөрүнүн айтканына караганда, мындай өзгөрүүлөр алдын-ала пландаштырылган, бирок Гарнер Иракта бир ай гана башкаруучу болот деп мурда айтылган эмес. Ирак согушунун башында дайындалган Гарнер өзү - мен Иракта алты ай иштейм деп билдирген, 6-май күнү жаңы башкаруучу болуп Бремер дайындалганда дагы - Гарнер анын алдында иштейт деп айтылган.

Бирок маселе жалаң эле Жей Гарнерде эмес, аны менен кошо Ирактан бир нече жогорку америкалык кызматкер да кетүүдө жана ушул факт бир топ эксперттер тарабынан - алар өз милдеттерин аткара албагандай деп чечмеленүүдө. Экинчи жагдай - Ирактын убактылуу башкаруучусу болуп мурдагы генерал дайындалганын дүйнөлүк коомчулук жана эл аралык уюмдар жактырган эмес жана эми аны дипломат алмаштырып жатканы, кээ бир эксперттердин айтымында, анын тиги же бул ката кетиргени менен эмес, жалпы америкалык саясатта өзгөрүүлөр болуп жатканы менен байланыштуу.

Багдадка келээри менен, Пол Бремер - америкалыктар Иракка убактылуу гана келгенин дагы бир жолу кайталады: "Коалициялык күчтөр Иракка оторчулар катары келген жок. Биз диктаторлук бийликти кулатуу үчүн келдик жана ал милдетти аткардык. Эми биздин милдетибиз - ирактыктарга жардам берип, алардын өз тагдырын өзү чечип, коомду кайра курганына, андагы негизги эркиндиктерди калыбына келтирип, мыйзамдын башкаруусун орнотуп жана өздөрүн өзү сыйлаган тартип түзгөнүнө көмөктүшүү".

Кээ бир америкалык эксперттердин айтымында, Бремер алдында азыр өтө татаал иш турат жана ал - бардык эле дипломаттар чече ала турган иш эмес. Администрация курамындагы акыркы өзгөрүүлөр - согуштан кийин Иракты кантип башкаруу керек экендигин америкалыктар алдын ала кылдат ойлонуп, ал тууралуу жакшы план иштеп чыкпаганын көрсөтөт. Вошингтондогу Стратегиялык жана эл аралык маселелерди изилдөө борборунун кызматкери Энтони Кордесмандын пикиринде, АКШ мекемелери ортосунда жетиштүү кызматташуу болгон эмес: "Америкалык өкмөттүн ичиндеги эл аралык адистердин айткан жана жазган эскертүүлөрүнө караганда, негизги ката - Коргонуу министрлиги менен Улуттук коопсуздук кеңеши ортосунда толук координация болгон эмес. Алар бир-бири менен жетиштүү кызматташкан эмес жана биз жөн гана даяр эмес болуп чыктык".

Негизги кыйынчылыктар - согуш аракеттери аяктагандан кийин Иракта тартип жоголуп, ким эмне кылаарды билбей калган сыяктуу абал пайда болгону менен байланыштуу. Өлкөнүн музей-китепканалары, өкмөттүк кеңселер менен чет өлкөлүк элчиканалар каракталганы да ошол катардагы окуялардан. Аны менен катар, америкалык аскерлер эмгиче - Ирактын мурдагы жетекчилерин издөө учурунда карапайым адамдарды өлтүрүп алган фактылар бар.

XS
SM
MD
LG