Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Рикердин билдиргенине караганда, жакында Женевада болгон жолугушууда негизинен Ооганстандагы, Ирактагы жана Ирандын өзүндөгү кырдаал жөнүндө сөз болду. Сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун өкүлдөрү Ирандын өзөктүк куралдар программасы, Тегеран Жакынкы Чыгыштын куралдуу исламчыл топторуна колдоо көргөзүп жатканы боюнча АКШнын камтамачылыгын дагы бир ирет айтышты. АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык алака1980–жылы үзүлгөн.