Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Колин Пауэлл Израилди жана Палестинаны тынчтык жараянын тезинен баштоого чакырды


АКШ Мамлекеттик катчысы бул тууралуу Каирде Египеттин президенти Хосни Мубарак жана тышкы иштер министри Ахмед Махер менен жолуккан соң билдирди. К.Пауэлл белгилегендей, эки тарап тең Израилдин башкы душмандарынын бири - Саддам Хусейндин режими бийликтен кулатылгандан кийин жаралган мүмкүндүктү колдон чыгарбашы абзел:

- Тез баштоо маанилүү. Менин ишенимимде, Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон ал жакынкы келечекте жасай турган аракеттери менен иш-чараларын жарыялады жана алар чынында жол картасы иштей баштаганын туюндурат. Палестин тараптан мен премьер-министр Махмуд Аббас менен сүйлөшкөндө Палестин коопсуздук кызматтарын кайра түзүү зарылдыгына көңүл бурдум.

К.Пауэлл ошондой эле жөөт жана палестин өкмөт башчыларынын алдыдагы алгачкы сүйлөшүүсү натыйжалуу болоруна ишеним билдирди. АКШ Мамлекеттик катчысы жөөт тарапты палестиндерге коюлган чектөөлөрдү жеңилдетүүгө чакырганы менен Израил кайра Газа секторун камалоону күчөттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG