Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

АКШ айрым расмий өкүлдөрү Ирактан начар иши үчүн чакыртылып алынды деген ырастоолорду төгүндөөдө


АКШ Багдаддын башкаруучусу кылып дайындаган Барбара Бодин жана Иракта иштеп жаткан америкалык расмий адамдардын бир нечеси кайра Вашингтонго чакыртылып алынган эле. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Рикердин билдиргенине караганда, бул - кызматчылардын кадимки ротациясы. Ушул эле учурда ирактыктар тарабынан Багдадда коммуналдык чарбаны калыбына келтирүү иштери солгун жүрүүдө деген сын айтылып жатат. Дүйшөмбү күнү Багдадга Ирактын АКШ түзгөн граждандык администрациянын башчысы Пол Бремер келди. Ал бул кызматты отставкадагы генерал Жей Гарнерден өткөрүп алмакчы. Ал эми президент Жорж Буш дүйшөмбү күнү Нью-Мексико штатында сүйлөгөн кезинде коалициялык аскерлер Иракта өлкө демократиялык өкмөткө ээ болгончо турарын кайрадан ырастады:

- Биз Ирактын эли, ирактыктарга кызмат кылуучу өкмөткө ээ болгонуна ынанганга чейин турабыз. Ушундан кийин гана үйүбүзгө кайтмакчыбыз.

Ирактын өзүнөн болсо коалициялык аскерлер Саддам Хусейндин режими учурунда өлкөнүн биологиялык куралдар программасына жетекчилик кылган окумуштуу аял Рихаб Таханы кармады. Америкалык командачылыктын жарыясына караганда, кесиби боюнча микробиолог Рихаб Таха соңку эки күн бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин багынып берди. Мунун аралыгында ирактык шийиттердин таасирлүү жолбашчыларынын бири - аятолла Мохамед Бакир ал–Хаким Нажаф шаарында он миңдеген жактоочулары алдында сүйлөп, аларды чет элдиктердин үстөмдүк кылышына тынчтык жол менен каршылык көргөзүүгө үндөдү. Акыркы 23 жыл бою Иранда сүргүндө жашаган аятолла ал-Хаким мекенине өткөн ишемби күнү кайтып келген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG