Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:19

Ирандын президенти бүгүн Бейрутта “Хезболла” уюмунун лидери менен жолукту


Шейх Хассан Насралла Ирандан жана башка өлкөлөрдөн “Хезболлага” колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылып жаткан Кошмо Штаттардын кысымына ливандык шийиттердин куралдуу бул уюму моюн сунбай тургандыгын эскертти. Жолугушуу маалында шейх Насралла көп жылдардан бери “Хезболлага” колдоо көрсөтүп келгени үчүн Иранга ыраазылык билдирди. Мохаммад Хатами үч күндүк визит менен Бейрутка кечээ келген эле. Кошмо Штаттары “Хезболла” уюмун террордук иштери, айрыкча Ливан менен Израилдин чек арасына жуук райондордогу аракеттери үчүн айыптап жүрөт. Ушул эле күнү Израилде жергиликтүү араптардын 13 лидери камалды. Жөөт бийликтери аларды экстремисттик “Хамас” уюмуна акчалай жардам көрсөтүшкөн деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG