Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:35

Бүгүн Москвада Россия-НАТО кеңешинин жыйыны болуп өттү


Ага НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон, Россиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери Игорь Иванов менен Сергей Иванов, ошондой эле НАТОЛук өлкөлөрдүн Москвадагы элчилери катышты. Кеңештин жыйыны Москвада биринчи ирет өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Россия менен НАТО ракетадан коргонуу боюнча бейстратегиялык система түзүүдө өз ара кызматташуу программасын макулдашты. Мындан тышкары Ооганстандагы жана Балкандагы жагдайга байланыштуу маселелер талкууланды. НАТОнун баш катчысы Робертсон Ирак проблемасы каралган жок деп маалымдады. Москвадагы жыйынга катарлаш Брюсселде да кеңештин дагы бир жыйыны болуп өттү, анда тараптардын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары аскери кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG