Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Сауд Арапстандын борборундагы террорду дүйнө лидерлери кескин айыпташты


Иорданиянын борбору Амманда визит менен жүргөн Евросоюздун өкүлү Хавер Солана бул террор Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана анын болочогуна коркунуч түзө тургандыгын эскертти. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин пикири боюнча, Сауд Арапстандын борборундагы акция эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгына жаңы жүйөө берди. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин аталган террор кечээ Чеченстандын борбору Грозныйдагы жанкечтилер жасаган кыянатка абдан окшош болгондугуна көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG