Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири - Истамбулда качкын болуп жашаган Айнур Доган - улуттук жана диний азчылык топтордун өкүлү, салттуу мусулман өлкөсүндө сахнага чыккандан тартынбаган ырчы кыз. Жакында Айнур Доган Европалык Радио журналисттер биримдигинин Истамбулдагы семинарында конок болду. Ал Европа Союзуна кирүүгө умтулган Түркиядагы жашоосун кеп кылып, багламада ойногон Енгин Арслан менен күрд ырларын ырдап берди. Сөз семинарга катышып келген Жаңыл Жусубжанда.

Бүгүнкү Түркияда кыздардын сахнада ырдашы - катардан тыш көрүнүш эмес. Бирок Айнур Догандын куугунтукталган күрт элинен чыккандыгы, ошол эле убакта басымдуу көпчүлүк шектенүү менен караган Алеви диний агымына экени аны бир топ кыйынчылыктарга тушуктуруп келет.

Күрт ырчысы катары дискриминацияга туш болдуңуз беле? деген суроого түркчө сүйлөп отурган Айнур Доган мындайча жооп узатты:

- Албетте, мен кичинемен эле кыйкымчылдардын кысымын сезип келем. Мындан болгону эки жыл мурда туулган шаарыма концерт коюп барсам, шаар акими да, коопсуздук кызматтары да кысмакка алышты. Күртчө ырдаганда дайым ушундай болот: мамлекет гана эмес, элдин көбүнүн мамилеси бирдей. Күртчө ырдасаң, сага дароо "сеператист" деген жарлыкты иле салышат.

Күрттөр кылымдардан бери түрктөр менен ымалаш жашаган, бирок акыркы 20-30 жылда күрт сеператизми баш көтөргөндөн жашоо тынчыбады. 1984-жылдан бери бул калабада 40 миңге чукул киши набыт болду. Дагы жакшы, акыркы жылдары жаңжал дээрлик токтоду. Айнур Доган сеператисттерди колдобойт, бирок күрт катары өз укуктарынын чектелишин да каалабайт.

– Биз, музыканттар, албетте, согуш дегенге каршыбыз. Бирок күрт катары, күрт маданиятынын жана күрт тилинин эркин болушун каалайбыз. Биздин кайталангыс бай маданиятыбыз бар. Ошондой эле, мисалы, менин чоң апам түркчө караманча билбейт, күртчө гана сүйлөшө алат. Биз өз салтыбызды сактап, өзүбүз көнгөндөй жашагыбыз келет. Күрдистан болобу, же дагы башка демократиялык федералдык жол табышабы, айтор биздин эңсегенибиз эле эркиндик.

Түркияда ондогон жылдар бою күрт тилинде гезит-журнал чыгарууга, эл алдында сүйлөөгө жана билим алууга толугу менен тыйуу салынып келген. Мындай чектөөлөр Түркиядагы башка улуттарга да, анын ичинде кыргыздарга да тийешелүү болгон. 1991-жылы тарыхта биринчи жолу Түркиянын парламентине шайланган Лейла Зана деген күрт аял күрттөрдүн улуттук киймин кийип, түрк жана күрт боордоштугун оозанып, ант бергени үчүн түрмөгө түшкөн. Кечээ жакында эле, 2001-жылы бийликтер күрт ырларын эфирге чыгарганы үчүн Гүн-ТВ сыналгысына бир жылга тыйуу салган. Ушул эле жылы Күрдистан тууралуу батыштык журналисттин эскерүүсүн чыгарган басмакана ээси сот жообуна тартылган.

Европа Союзуна кошулууга умтулган Түркия өкмөтү акыркы 4-5 жылдан бери күрт тилине тыйууну аз-аздап күчүнөн кетире баштады. Бирок Айнур Доган күнү бүгүн да айрым жерлерде концерт кое албайт. Догандын ырын коштоп, багламада ойногон Енгин Арслан буларды кошумчалады:

- "Күрт тили - өнүкпөгөн тил, күрттөр өздөрү - артта калган эл" деп айтышат. Күрттөргө карата мындай мамиле адамды басмырлап, басынтат экен.

Айнур Доган - күрттөр басымдуулук кылган түштүк-чыгыш Түркиянын Дерсим шаарынан. 1990-жылдардын башында анын айлын коопсуздук кызматтары күчкө салып көчүргөндөн кийин, Истамбулга келип баш калкалады. Күрт козголоңчуларына каршы күрөштүн шылтоосу менен Түркияда миңдеген күрт айылдары жок кылынган.

Республика болуп түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толгон Түркияда аялдар европалык айрым өлкөлөрдөн мурда шайлоо укугуна ээ болушкан. Алар башка мусулман мамлекеттерине караганда да кыйла жогору макамга ээ. Ошентсе да, калкынын 99 пайызын мусулмандар түзгөн Түркияда, айрыкча айыл жерлерде аялдарды басынтуу дагы деле күчтүү. Айнур Доган күрдү аймактары жакыр келгендиктан, күрт аялдарына өзгөчө кыйын дейт.

- Күрдүлөрдүн турмушу начар болгондуктан, күрдү аялдары феодалдык репрессиянын шартында жашашат. Түркиянын эң түштүк-чыгыш кыйырындагы Хиккяридеги кыштактарда жада калса электр жарыгы жок. Өнүкпөгөн коомдун запкысын аялдар да тартышат.

Күрд жерлеринде көп аял алуучулук кездешет. Энгин Арсландын айтымында, төрт-беш, алтургай алты-жети аял алгандар бар.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Айнур Доган Алевилердин диний үрп-адаттарын тутунгандыктан, Түркиядагы көп аялдарга караганда, өзүн эркин сезет. Анын айтымында, алевилерде аялдарга тең мамиле жасалат.

- Алевилердин жашоо ыргагы да башкача. Алардын атактуу акыны Бекташ ажыны мисалга алсак, ал "жалын отто эмес, адамдын башында", же "акылмандык Меккеде же Иерусалимде эмес, адамдын өзүндө" деп айткан. Алевилер жашоого филисофиялык мамиле жасап, биринчи өзүн таанып, билүүгө умтулушат.

Алевилер денбеж деп аталган айым-ырчылары менен белгилүү, денбеждер айылдан айыл кыдырып, оюн коюшуп, киши өлгөн жерде кошок кошушат. Айнур Догандын урук-туугандарынан да денбеждер көп чыккан. Семинардын катышуучулары аялдардын өз бетинче айыл кыдырганы чынбы? деп таң калышты. Айнур Доган бул жообун узатты:

- Ооба, денбеждердин көбү - айяалдар, бирөө өлсө, алаамат болсо, келип, көңүл жубатып, кошок кошушат. Мен, мисалы, бир да эркек денбежди жолуктурган эмесмин.

Түркиядагы 20 миллион алеви 70 миллион калктын үчтөн бирин түзөт. Аларды "нукура түрктөр" деп коюшат. Себеби дүйнө таанымында түрк түшүнүктөрү шаманизм менен айкалышып, ошондой эле шийилердин айрым диний идеяларын кабылдашкан. Кызыктуусу, суни, шийилерден айырмаланып, алевилер диний ырым-жырымдарын араб тилинде эмес, түрк тилинде жүргүзүшөт. Түркиядагы алевилердин 80 пайызы түркчө сүйлөйт, калгандары күрттөр. Айнур Доган мына ошол улуту күрт алеви.

Анатолуда суннилер башынан эле алевилерге шектенүү менен карашкан, ортодо кандуу калабалар такай болуп келген. Шийилер да өздөрүнө анча жуутпаган алевилер Мустафа Кемел Ататүрктүн секулярдык республикасын жан-дили менен колдошкон, бирок түрк өкмөтү аларды күрт, лаз өңдөнгөн сеператисттик топтордун катарына кошот окшобойбу, айтор алервилерге да ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат. 1993-жылы Сивас шаарында алеви артисттери турган мейманкананы сунни жана оңчул радикалдар өрттөп жиберип, 37 киши каза тапканда, тартип коргоочулар кийлигишпей, четте карап турушкан. 1995-жылы Истамбулдагы ушул сыяктуу кол салууда 15 алеви ажал тапкан. Ал эми 2001-жылы бийликтер Анкарадагы алеви маданий борборуна тыйуу салган.

Айнур Догандын аткаруусундагы бул ашыктык ырынын өз тарыхы бар.

- Ахмедо деген жигит Бесна деген күрт кызга ашык болуп калат. Бул качан болгонун айта албайм, эски окуя болсо керек. Бирок Ахмедо башка жакка кетүүгө мажбур болот, анткени ата-энелери алардын баш кошушун каалаган эмес. Феодалдык басмырлоо деп айтканым ушундан. Ошондо Бесна ушул "агытты" ырдаптыр.

Айнур Доган миң түркүн эл жашаган Истамбулда Вавилон өндөнгөн белгилүү маданий борборлордо концерт коет. Ал ошондой эле эл аралык Ротари тобунун "Коомго көрсөткөн кызматы үчүн" сыйлыгын алган "Ачык" радиосунда көп ырдайт. Ырчы кыз азыр "Сони" өңдөнгөн белгилүү фирма менен өзүмдүн компакт дискимди чыгарсам деп кыялданып жүрөт.
XS
SM
MD
LG