Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

ПАУЭЛЛ БАРААРДА ЭР-РИЯДДА БОМБАЛАР ЖАРЫЛДЫ


Дүйшөмбүдө түнгө маал Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда чет элдиктер жашаган үйлөр комплексинде бир нече бомба жардырылып, азырынча белгилүү болгондой, окуядан 30га чукул киши мерт болуп, 100дөн ашуун адам жараат алды. Андан бир нече саат өткөн соң, Сауд Арабияга АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл расмий сапар менен барды. Вашингтон менен Эр-Рияддын өкүлдөрү жардырууну "Ал-Каида" уюмуна тиешеси бар адамдар уюштурушту деген жоромолун айтышууда.

Шейшембиде эртең менен Эр-Риядга келип түшөөр замат, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл өткөн түнкү бомба жардыруусунан Кошмо Штаттарынын 10 чакты жараны, саудиялыктар жана дагы башка улуттардын өкүлдөрү курман болушканын маалымдады:

- Бул окуя терроризм – глобалдуу көрүнүш экенин жана ага каршы күрөшүү – жалпыбыздын милдетибиз экенин дагы бир жолу эске салат. Өткөн түнкү жардыруудан жараат алгандарга тезинен сакайып кетишин, ал эми жакындарын жоготуп, кайгыга батып тургандарга кайраттуу болушун каалайм.


Ройтерс агенттиги кабарлагандай, Эр-Рияддагы америкалык авиабазанын кызматкерлери жана башка чет элдиктер турган үйлөр комплексине дарбазаны буза 2-3 машине кирип барып, үч же төрт бомба удаасы менен жардырылган. Күбөлөр анын алдында машинедегилер менен курулуш комплексин кайтаргандар ортосунда чакан атышуу орун алганын айтышат. Күчтүү бомба жардырууларынан бир нече турак жай толугу менен кыйрап, тегерегиндеги үйлөр жаракаланып, терезелери күбүлүп түшкөн. Жаракаланган үйлөрдүн биринде турган австралиялык Хелен аттуу аял АКШлык Си-ен-ен телеканалына берген интервьюсунда уктоого камынып жаткан маалда тынчтыкты бузган жардыруулардан кийин тегеректеги үйлөрдөн канга боелгон адамдар көчөгө жүгүрүп чыгып, ызы-чуудан коркуп кеткен дагы жүздөгөн кишилер терезелерден секирип жан сактоого далбас урганын баяндайт. Хелен айым көп узабай окуя болгон жерге жетип барган медициналык тез жардам машинелери улам жаңы жарадарларды жүктөп ооруканаларга ташыгыча эки саатча убакыт өткөнүн кошумчалайт.


Жакынкы Чыгышта сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Эр-Рияддагы окуя тууралуу кабардар болоор замат, жардыруу – бардык белгилери боюнча Усама бин Ладендин "Ал-Каида" уюму буга чейин уюштурган акцияларга окшойт деп билдирди. Сауд Арабиянын бийликтегилери да кандуу капсалаңды "Ал-Каида" менен байланышы бар жанкечтилер жүзөгө ашырды деген пикирин айтышууда.


Ислам дининин бешиги саналган Сауд Арабияда 1991-жылдан бери америкалык аскерий база жайгашканы эки тарап үчүн тең опурталдуу жагдайга айланган. АКШдагы 11-сентябрдагы теракттарды уюштурган деп шектелген Сауд Арабияда төрөлүп-өскөн Усама бин Ладен мусулмандардын ыйык жайында америкалык база орун алганына терең нааразы экенин айтканы бар. Америкадагы эң ири терактты ишке ашырган 19 адамдын 15и Сауд Арабиянын жарандары болгону аныкталган. Дүйшөмбүдөгү жардырууга чейин да Эр-Риядда америкалык жарандарга каршы бир нече кол салуулар болгону маалым. 1995-жылы АКШнын окуу-аскерий борборунун жанына токтотулган жеңил машине жардырылып, окуя беш америкалык жана эки индиялык жарандын өлүмүнө алып келген. Кийинки жылы Сауд Арабиянын чыгыш тарабында бензин ташуучу машине жарылганда 19 АКШлык аскер шейит болуп, 400гө жакын адам жарадар болушкан. Ушундай жагдайлардан улам жана эң башкысы – коңшулаш Иракта Саддамдын бийлиги кулаганына байланыштуу Америка Кошмо Штаттары жакында Сауд Арабиядагы аскерлерин алып кетүүгө камданып жатканын жар салган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG