Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

КЫРГЫЗ ТАМЫРЫ, ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ, ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ


Кыргыз басылмаларында тарыхый божомолдор арбын жарыяланууда. Антишке “улуу кыргыз дөөлөтү” жөнүндөгү мактоо кептер, тарыхка так мамиле жасоо чакырыктары себеп болууда. Каракулжада парламент депутатын шайлоо өттү. Ушул жана башка коомдук-саясий жаңылыктар мезгилдүү басылмаларда кандай чагылдырылып жатканы Бекташ Шамшиевдин баяндамасында айтылат.

Шейшембидеги “Республика” гезитинде көөнө кыргыз тарыхына арналган көлөмдүү материал жарыяланды. Гезиттин кат куржунуна Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Т.Усубалиевдин 1989-жылдын мартында Илимдер академиясына жазган каты түшкөн. Анда Кыргыз автономия жетекчилиги академик В.Бартольдго кыргыз тарыхын системалаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылгандыгы, бир жыл эки ай баса отуруп академик “Кыргыздар” деген китебин 1927-жылы жазып бүтүргөндүгү айтылат. Ошол китепте учкай эскертилген “улуу кыргыз дөөлөтү” деген аталыш кийинки тарыхчылардын көбүнө жагып, ушу тапта уу-дууга айланууда. Чын-чынына келгенде Тяншанда жашап аткан кыргыздардын енисейлик кандаштары менен эч кандай жакындыгы жок.

Басылмада саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын “тегерек үстөл” жыйынында оппозиция тууралуу кенен-кесир кеп болгону да маалымдалат. Жыйынга катышкандардын көпчүлүгүнүн айтымында, 2005-жылкы президенттик шайлоо даярдыгы эмитен эле башталып, мамлекет башкарууга үмүтү чоңдордун текши баары жабылып жаңы партиялар түзүүгө киришти.

Өмүрү кыска “улуу кыргыз дөөлөтүнөн” кийин енисейлик кыргыздар Чыңгысхан тушунда ойроттор биримдигинин курамында калганы Табылды Акертегиндин “Тяншанга узак жол” макаласында баяндалган. Макала шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыяланган. Автордун пикиринде, чачылган кыргыз урууларынын Тяншанга жер которуусу ХV кылымдын экинчи жарымынан тарта башталган. Ушул эле басылмадагы маегинде республиканын Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова өлкөдөгү жумушсуздардын саны 160 миңге жакын адамга жеткенин, катталбаган ишсиздердин саны 200 миңден ашарын маалымдайт. Министрдин пикиринде, коммерциялык банктар экономикалык ишкердикти жандантуу үчүн кредиттин үстөк акчасын азайтуу керек. Азырынча алар жалпы эсептин 27% түзөт, болочокто бул сан 7% түшүшү туура болор эле.

Шейшембидеги “Кыргыз туусунда” Мундузбек Тентимишовдун Махмуд Кашгари жөнүндө этюддары, Бактыгүл Чотурованын “Алыкул Көлгө кайтып келет, мен ишенем” ой жүгүртүүсү, Бекбай Алыкуловдун «Тарыхтын, илимдин энциклопедиясы» аттуу макалалары жарыяланды. Аталган макалаларда элибиздин тарыхый инсандары тууралуу кеп болот. «Эркинтоо» гезитинин жаңы санында Бишкек гуманитардык университетинин ректору Сыртбай Мусаевдин «Мээрим» эларалык кайрымдуулук фондунун иштерин баяндаган «Мээрмандыктын медери» көлөмдүү макаласына орун берилген.

Парламентке Карасуудан депутат болуп шайланган Мурат Малабаев тууралуу шейшембидеги «Аалам» гезитинде Нургазы Анаркуловдун «Кошелек» кимдердин куйругун басты?» макаласы жарыяланды. «М.Малабаев үчүн кимдин, ким экендиги, бийлигине жашынып эмне иш кылып жүргөнү жакшы белгилүү, - деп жазат автор. – Эч кимиси М.Малабаевге ачык «кың» дей албайт. Себеби «кошелогуна» кол салбагандар жок болсо керек». Кыргыз жоокерлеринин азыркы абалы тууралуу гезит бетинде Улуттук гвардиянын полковниги Кубанычбек Оморов аңгеме куруп берген. Анын пикиринче, азыр бизге жакшы куралданган, керектүүлөрдүн баары менен камсыз болгон чакан профессионал армия керек.

Кыргызстанга агылып кирген аркыл диний секталардын 70% жакыны кыргыз жаштары экендиги, улутташтарыбыз арасында протестанттар арбып баратканы «Агым» гезитинин шейшембидеги санында жарыяланган Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласында кеп болот. Башка динге көчкөндөрдүн көбү Бишкектен чыгышат, анткени секталардын башчылары башкалаада турушат.

АКШ менен Европа Борбор Азиядагы өкүмдарларга каршы пикир айтып, бийлик билермандарына тоталитардыктан качып, демократияга үндөп жатышканы жайында шейшембидеги «Моя столица» гезитинде Рина Приживойт кеп кылат. Автордун айтымында, антип алыстан сүр көрсөтүп туруштун өзү деле жакшы, бирок анын азырынча кайрымжысы жок болууда.
XS
SM
MD
LG