Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

АКШнын Мамлекеттик катчысы иш сапары менен Орусияга келди


Колин Пауэлл бүгүн Москвада орус президенти Владмир Путин, тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугат. Тараптар согуштан кийинки Иракка жана ушул айдын аягында өтүүчү АКШ – Орусия саммитине байланышкан маселелерди талкуулары күтүлүүдө. Кошмо Штаттар Ирактагы согуштан кийинки иштерде БУУга чечүүчү роль ыйгарылышын талап кылып жаткан Москваны, Иракты калыбына келтирүү боюнча Вашингтондун планына ынандырууга аракеттенип жатат. Андыктан Москвадагы сүйлөшүүлөрдө АКШ Ирак боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштаган резолюция долбоору да талкууланат. Резолюцияда Иракка каршы киргизилген санкцияларды жоюу жана кеминде бир жылга Ирактын мунай ресурстарын көзөмөлдөө укугун АКШга жана анын өнөктөштөрүнө берүү каралган. К.Пауэллдин визити Орусиянын Думасы Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча Вашингтон менен Москванын ортосундагы келишимди ратификациялоо маселесин кароого киришип жаткан учурга да туура келди. Документти АКШнын сенаты быйыл мартта ратификациялаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG