Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

АКШнын президенти Жорж Буш Сауд Арабиядагы террордук чабуулдун күнөөкөрлөрү табыларын убада кылды


Тогуз жанкечти автоунаанын жардамы менен жасаган бомба жардыруулардан кеминде 29 адам набыт болуп, 194 киши жаракат алган эле. Курман болгондордун сегизи - Американын атуулдары. Президент Ж.Буштун билдиргенине караганда, ал эгер террордук чабуулду "ал-Каида" уюму жасаган болсо таң калбайт, Кошмо Штаттар теракт үчүн күнөөкөр адамдарды издеп – табат. Ал эми Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, Эр-Рияддагы жардыруулар "ал-Каиданын" колунан келген иш экенин көргөзгөн белгилер бар. Эр-Рияд шаарынын террордук чабуулга кабылган турак- жай комплекстеринин бирин көрүп кайткан соң К.Пауэлл мындай деди:

- Бул - мыкты даярдалган террордук чабуул. Жакшы аткарылган жана биз каршы күрөшүп жаткан душмандын жүзүн көргөзүүдө.

Соңку окуядан улам Кошмо Штаттар өтө маанилүү эмес кызматтарды аркалаган дипломаттарын жана баардык дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүн Сауд Аравиядан алып кетүү чечимине келди. Мамлекеттик департамент террордук чабуулдар алдыда да жасалышы мүмкүн экенин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG