ЖАЛАЛАБАД. Мындай иш-чараны «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын облустук бөлүмү, анын шаарлардагы жана райондордогу өкүлдөрү өткөрүшүүдө. Алар Сузак жана Ноокен райондорундагы 3 айылда чогулган жүздөн ашык шайлоочуга, 14-октябрда өтүүчү айылдык жана шаардык кеңеш депутаттарын шайлоонун мыйзамы, айылдык кеңеш депутаттары менен айыл өкмөттөрдүн, шайлоочулардын укук-милдеттери тууралуу түшүнүк беришти. Жогоркудай өнөктүк облустун 275 айылында өтөөрүн коалициянын облустагы координатору Чолпон Эргешова билдирди.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов