Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Эл аралык автобус жүргүнчүлөрү тонолду


БИШКЕК. 11-майдан 12-майга оогон түнү, түнкү саат 3.30да Казакстандын аймагындагы Алматы-Ташкен автожолунун 398-чакырымында бара жаткан автобустун жүргүнчүлөрүн беткап кийген беш адам тоноп, жалпы суммасы 50 миң доллар турган алтын буюмдарын жана акчасын алып кетишкен. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдон 13-майда алынган маалыматка караганда, жүргүнчүлөр каракчылардын саны бешөө болгондугун, баары тапанча, автомат, кыскартылып кесилген мылтык менен куралданышкандыгын, тоноп алышкандан кийин Кыргызстанды көздөй кетишкендигин айтышкан. Куралданган каракчылар автобусту токтоткондо айдоочуну, анын жардамчысын жана бир жүргүнчү аялды бутка атып жарадар кылышкан. Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, Кыргызстандын тартип коргоо органдары казакстандык кесиптештерине жардамдашып, бул кылмышты иликтөө чараларын көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG