Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

Баткен облусунун Аксай айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Тажикстандын Чорку айылынын бийлигине кайрылуу жолдоду


БАТКЕН. Баткен райондук Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ибраимовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кайрылуу жолдоого кошуналардын эки тараптуу макулдашууларды аткарбай, эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу деп эсептелген жерлерди өздөштүрүүгө аракет жасап жатканы себеп болгон. Ушул жылдын март айында Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун жетекчилери баштаган топ кыргыз-тажик чегиндеги айыл өкмөттөрүнө рейд жасап, талаштуу деп эсептелген аймактарды чек ара такталмайынча иштетпей турууну чечишкен. Тажик тарап өткөн жылдары эки гектардай аянттагы ушундай жерге тиккен өрүк көчөттөрүн жулуп салууга убада кылган. Бирок бул убада ушул күнгө дейре аткарылган жок. Кайрылууда тажик тарапка убада кылган көчөттөрдү тез арада жулуу жана жерди иштетүүгө болгон аракеттерди тыюу талабы коюлган. Эгер бул талап аткарылбаса, кыргыз тарап көчөттөрдү жулуп таштоого аргасыз болоору эскертилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG