Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Кыргыз өкмөт башчысы Түркияга жөнөп кетти


БИШКЕК. 13-майда премьер-министр Николай Танаев башында турган кыргыз өкмөттүк делегациясы Түркияга жөнөп кетти. Сапардын алгачкы күнүндө, 14-майда Анкара шаарында Николай Танаев Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер, өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган, Түркиянын парламентинин спикери Бүлент Арынч, Сулейман Демирел менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 15-майда Николай Танаев соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык кыргыз-түрк комиссиясынын Стамбул шаарында боло турган кезектеги жыйынына катышат. Тараптар 2010-жылга чейин кызматташуунун программасына, курулуш багытында кызматташуу боюнча документтерге кол коюшмакчы. Бул тууралуу шейшемби күнү өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз делегациясынын курамында министрлер Садриддин Жиенбеков, Равшан Жээнбеков, Сатывалды Чырмашев жана башкалар бар. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2002-жылы 33 млн. доллардан ашуун сумманы түзүп, 2001-жылга салыштырмалуу дээрлик 13% өскөн.

XS
SM
MD
LG