Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Ысыккөлдүн жээгиндеги бош жерлер аукциондо сатылат


БИШКЕК. 17-18-майда Ысыккөлдүн жээгиндеги «Кыргыз деңизи» пансионатында «Ысыккөл-2003» аттуу эл аралык туристтик жармаңке болот. Жармаңкенин маалында Ысыккөл районунун аймагындагы бош жерлерди сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт. Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Батыркул Баетовдон 13-майда алынган маалыматка караганда, жерди сатуу идеясын аталган райондогу айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери өздөрү көтөрүп чыгышкан. Ал жерлерде жеке мейманканаларды, мергенчилердин үйлөрүн куруу сунуш кылынмакчы. Анткени буга чейин бир катар чет мамлекеттердин ишкерлери Ысыккөл жээгиндеги бош жаткан жерлерге менчик кылуу укугун мыйзам чегинде 49 жылга сатууну кыргыз өкмөтүнө сунуш кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG