Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Кыргыз-кытай чек арасы жабылды


БИШКЕК. Өнөгөсүз өпкө дартынын Кыргызстанга жайылышына жол бербөө максатында кыргыз өкмөтү кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам жана Торугарт өткөрмө бекеттерин жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү кечинде өкмөт башчысы Николай Танаев билдирди. Өкмөттөн алынган маалыматка караганда, атайын буйрукка ылайык өткөрмө бекеттери жабылгандан кийин 10 күндүн ичинде Кытайдагы кыргыз жарандарынын Кыргызстанга, ал эми бул жердеги кытай жарандарынын мекенине кетишине мүмкүнчүлүк берилет. Бул мезгил ичинде Кытайдан келген адамдар 10 күн бою медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Транспорт жана коммуникация министрлиги үч күндүн ичинде Кытай менен аба жана транспорт каттамдарын токтотууга тийиш. Бирок жүк ташуучу унаанын каттоосуна тыюу салынбайт. Өкмөттүн буйругуна ылайык 13-майдан тартып Чек ара кызматы жолду ачууга байланыштуу атайын буйрукка чейин Эркечтам, Торугарт өткөрмө бекеттерин жапты.

XS
SM
MD
LG