Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

КЫРГЫЗСТАНДА ЭСЕП-ФАКТУРАНЫН ЖАҢЫ ҮЛГҮСҮ КИРГИЗИЛИП ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 13-майда Финансы министрлигинин алдындагы кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев маалымыт жыйынын өткөрүп, 15-майдан тартып Кыргызстандын аймагында эсеп-фактуранын жаңы үлгүсү киргизиле тургандыгын кабарлады. Аны менен салык органы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууну жана ар кандай финансылык көз боемочулукка бөгөт коюну көздөйт.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, комитет эсеп-фактуранын бланкаларын басмадан чыгарып, жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө жеткирип койду. 15-майдан тартып эски үлгү менен толтурулган эсеп-фактураларды салык органдары кабыл алышпайт.

- Бул эсеп-фактураларда 6 коргоо элементи бар. Айрымдарын биз гана билебиз, - дейт Адылбек Касымалиев.

Эсеп-фактура товар өндүрүүчү чыгарган продукциясын башка бирөөгө сатаарда толтурулат. Анын негизинде салыктардын, ошондой эле кошумча нарк салыгынын өлчөмү аныкталат. Буга чейин пайдаланылып келген эсеп-фактуранын бланкаларында мындай коргоо элементтери болгон эмес. Ишканалар аларды машинкада басып алып же ксерокстон өткөрүп, көбөйтүп алып толтура беришчү. Бул финансылык көз боемочулукка жол ачкан. Продукция сатып алган субъектилер жалган эсеп-фактура толтуруп, кошумча нарк салыгынын бир бөлүгүн жашырып калышчу. Былтыркы текшерүүдө ошондой жалган документтерди толтуруунун айынан 90 млн. сом бюджетке түшпөй калгандыгы аныкталды. Комитеттин бардык документтерди текшерип чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан аналитиктер мындай көз боемочулуктан бюджеттин чыныгы жоготуулары андан алда канча көп экенин айтышат. Адылбек Касымалиевдин айтымында;

- Айрым салык төлөөчүлөр тарабынан да, биздин кызматкерлер тарабынан да кыянатчылык кылууга жол жабылат. Мен коркой эле айта алам - биздин кызматкерлердин да текшерүү жүргүзүп атып кыянатчылыкка кирип кеткендери бар.

Анын айтымында, эсеп-фактура эми бардык чарба жүргүзүүчү субъектилер толтурууга тийиш болгон милдеттүү документ болуп калат. Бул болсо товардын жүгүртүлүшүн толук көзөмөлгө алып, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жардам берет. Эсеп-фактуранын жаңы үлгүсүн киргизүүнүн негизинде бюджетке кошумча түрдө кеминде 200 млн. сом түшүшү күтүлөт.

Эсеп-фактура фискалдык реформалардын стратегиясына ылайык киргизилип жатат. Ошол эле стратегиянын талабы менен кирешелер комитетинде ири салык төлөөчүлөр үчүн өзүнчө башкармалык түзүлдү. Ал жерден жылдык продукциясынын көлөмү 30 млн. сомдон кем болбогон 83 ишкана каттоодон өтүүгө тийиш.

- Буларды текшерүү жагы жеңилдейт. Анткени алар мурда жергиликтүү райондук салык инспекциясына отчет тапшырып, облустук жана республикалык органдардын көзөмөлүндө турушса, азыр бир гана республикалык башкармалык менен иштешет. Жарым жыл өткөндөн кийин убагында отчетун тапшырып, убагында төлөөчү салыгын төлөп турган ишканаларды кураторлор менен көзмө-көз отуруп иштегенден алыстатып, почта менен болсо да, башка жолдор менен болсо да отчетун бергидей кылып, сырттан көзөмөл жүргүзгүдөй кылабыз. Бизде бажыдан жана башка органдардан маалымат бар. Ошолорго салыштырып карап турабыз. Эгерде ишканалар салыкты биздин эсеп боюнча өз убагында төлөп турушса, биз көзөмөлдү азайтып, аларга эркин иштегенге, башка маселелерин чечкенге мүмкүнчүлүк беребиз, - дейт аталган башкармалыктын жетекчиси Жаныбек Сурабалдиев. Анын айтымында, бул 83 ишкана биригип Кыргызстандын жалпы салыгынын жарымынан көбүн берет.
XS
SM
MD
LG