Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Эртең Бишкекте эл аралык конференция болот


БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Улуу Жибек Жолунун тилкесиндеги көчмөндөр коому менен отурукташкан оазистердин өз ара таасир этүү шартында мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү» аттуу эл аралык конференция башталат. Эки күнгө созула турган конференция Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналат. Конференцияны уюштуруу комитетинен алынган маалыматка караганда, ага Германия, Казакстан, Кытай, Монголия, Орусия, Түркия, Украина, АКШ, Тажикстан жана Франция мамлекеттеринен келген окумуштуулар катышат. Конференциянын ачылышынын алдында Алатоо борбордук аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү каадасы болот жана конференция өтүүчү Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган борбор ачылат. Эл аралык конференциянын негизги иши «Кыргыз этносу жана мамлекеттүүлүктү калыптандыруунун башаты», «Көчмөн шартта өнүгүүнүн саясий стимулдары» аттуу секцияларда болот.

XS
SM
MD
LG