Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирди


БИШКЕК. Бүгүндөн тартып Кыргызстанда «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам күчүнө кирди. Буга байланыштуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында мыйзам авторлорунун бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жанкороз Каниметовдун айтымында, мыйзамга ылайык бардык окуу жайлары бирдиктүү мамлекеттик стандарттын негизинде иштөөгө өтүп, алар бара-бара республикалык жана регионалдык болуп бөлүнүшөт. Алардын тизмеси Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Бул тизмеге кирбеген окуу жайлары акционерлештирилиши мүмкүн. Ж.Каниметовдун айтымында, мындай жаңылыктарга негиз бере турган жоболор Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан даярдалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG