Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

Аксыда митинг болду


БИШКЕК. Бүгүн Аксы районунун борбору Кербен айылында 800гө жакын адамдын катышуусу менен нааразылык митинги болду. Митингдин катышуучулары менен район акими Абдымалик Эгембердиев жолугушту. Акцияга чыккандар Аксы окуясына байланыштуу соттун Майлысуу шаарында өтүшүнө нааразылык билдиришип, элдин талабын аткарбагандыгы үчүн район акими А. Эгембердиевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Митингдин соңунда анын катышуучулары Кыргызстандын калкына кайрылуу кабыл алышты. Анда Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөр жазаланбай жаткандыгы белгиленип, ага азыркы бийлик күнөөлүү экендиги жана акыйкаттык үчүн күрөш токтотулбай тургандыгы эскертилген. Бул тууралуу Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасынын түштүк регион боюнча орун басары Кубанычбек Маматкеримов Кербенден кабарлады. Аксы окуясында жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрү да бүгүн Кыргызстандын элине кайрылуу кабыл алышты. Анда алар Аксы окуясына күнөөлүүлөр бир жума ичинде жазаланбаса, Өкмөт Үйүнүн алдына кошок кошуууга чыгышаарын билдиришкен. Аксы районунун борборунда нааразылык митинги болгонун райондук акимчиликтин аппарат башчысы Абил Курбанов да ырастап, бирок ага 100гө жуук киши катышканын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG