Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

АКШ ЖАНА ТҮШТҮК КОРЕЯ ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ТҮНДҮК КОРЕЯ КРИЗИСИН ЧЕЧҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШУУДА


Бакыт Аманбаев, Прага Дүйшөмбү күнү Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен АКШ беш күндүк иш сапары менен келди. Шаршемби күнү ал АКШнын мамлекет башчысы Жорж Буш менен жолугушаары пландаштырылууда. Эки тараптуу сүйлөшүү учурундагы башкы тема Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды чыгаруу долбоорунун тегерегинде болмокчу.

Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен АКШ ушул аптанын башында келди жана бүгүнгө чейин Вашингтондо бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. Ал эми шаршемби күнү түштөн кийин ал АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушат. Адегенде, өлкө башчылары Түштүк Корея менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштын түптөлгөндүгүнө 50 жыл толгондугун белгилешип, келечекте өз ара байланышты чыңдоо тууралуу пикир алмашышат. Андан соң сүйлөшүүнүн башкы темасы Түндүк Корея маселесинин тегерегинде болору күтүлүүдө.

Айрым байкоочулардын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин башталгандыгына көп жыл болсо да, соңку жылдары ортодогу өз ара алака бир кыйла сууй түшкөн. Ага Түштүк Кореянын Но Му Хенге чейинки президенти Ким Те Чжундун АКШнын Түндүк Кореяга карата саясатына анча колдоо көрсөтпөгөндүгүнөн улам болгон. Ушул өңүттөн алганда, өткөн жылы шайланган Түштүк Кореянын президенти Но Му Хендин АКШда болгон иш сапары айрым эл аралык маселелер боюнча мамилени тактап алууда пайдалуу болду.

Атын айтууну каалабаган АКШнын президенттик администрациясынын өкүлүнүн пикиринде, чындыгында эле Жорж Буш бул жолу Но Му Хен менен жекеме-жеке сүйлөшүп, Түндүк Кореяга байланыштуу маселерди аныктап алууну көздөөдө. Айрым талдоочулардын көз карашында, Но Му Хен Түндүк Корея маселеси боюнча АКШнын айтканын баарына көнө бербейт. Анкени ал коңшу өлкөсүндө болгон окуялар Түштүк Кореяга да олутуу таасир этээрин айдан ачык түшүнөт.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Но Му Хен “Түндүк Корея өзөктүк куралдарды чыгаруу аракетинен өз алдынча эле баш тартышы керек, антпесе анын мындай аракети аймактагы кырдаалды оорлотот” деген пикирин билдирди. Ошону менен бирге эле ал Түндүк Корея кризисин тынчтык жолу менен чечилишин жактай тургандыгын эскерте кетти:

Президент Жорж Буш да бир нече курдай Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды чыгаруу аракети тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилишин өзгөчө белгиледи. Түштүк Корея жана АКШ бул маселени чечүүдө бири бирин туура түшүнүшөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Түндүк Кореяга байланыштуу маселени чечүүдө АКШ менен Түштүк Кореянын мамилеси айрырмаланат. Жогоруда белгиленгендей, Түштүк Корея аталган маселенин тынчтык жолу менен чечилишин жактайт. Ал эми Жорж Буштун администрациясы зарыл болсо, маселени чечүүдө бардык жолдор колдонулаарын жарыялашкан.

Байкоочулардын пикиринде, Түштүк Корея өз коңшусуна карата АКШнын саясатын ачык да колдой албайт. Анткени эгерде, маселе өтө эле татаалданып, тирешүү курал колдонууга чейин жетсе, анда Түндүк Корея алгачкы согуштук аракеттерин АКШ колдогондугу үчүн өз коңшусуна каршы багытташын жокко чыгарууга болбойт. Мындан сырткары эгерде маселе анчалык курчубай, Түндүк Кореяга каршы экономикалык, дипломатиялык кысым башталса да, ага кошуна жайгашкан өлкөгө терс таасирин тийгизет. Анкени мындай кысымдан, Түндүк Кореянын экономикасы алсырайт. Натыйжада, качкындар Түштүк Кореяны каптап кетиши ыктымал.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы тирешүү 2002-жылы башталган. Тагыраак айтканда, АКШ өткөн жылдын октябрь айында Түндүк Кореяны “өзөктүк куралдарды чыгаруу долбоорун кайрадан жандандыра баштады” деп айыптаган. Андан көп өтпөй 2003-жылдын январь айында, Пхеньян өзөктүк куралдарды таркатпоо тууралуу келишмиден чыккандыгын жарыялаган. Ал эми ушул аптанын башында ал 1992-жылкы Корея жарым аралы өзөктүк куралдарды таркатылбаган аймак деген келишимден чыга тургандыгын кошумча билдирди.

Айтор, учурда дүйнө коомчулугун кайрадан Түндүк Корея кризиси кооптонто баштады. Маселе кандай чечилет азырынча белгисиз. Айрым эл аралык маалымат каражаттарынын жазышынча, Жорж Буш келээрки аптада мына ушул эле маселе боюча Жапаниянын премьер министри менен жолугушууну көздөөдө.
XS
SM
MD
LG