Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Иракта коалиция баарыдан мурда коопсуздукту камсыз кылууга тийиш


Америкалык убактылуу администрациянын мурдагы башчысы, генерал Жей Гарнердин телетасмага тартылып, АКШнын конгрессине берилген билдирүүсүндө ушундай деп айтылат. Экинчи маанилүү милдет катары генерал мамлекеттик сектордо иштеген кызматкерлерге маяна төлөө маселесин атаган. Мындан тышкары ал энергетикалык кризисти алдын алуу, дыйкандардан эгин-тегин сатып алып, калкка азык-түлүк үлөштүрүү, оору-сыркоонун таралышына жол бербөө зарылдыгын белгилеген. Жей Гарнер убактылуу администрациянын составында калат, жетекчилик кызматты эми Пол Бремер аткарат. Бремер бүгүн ООНдун гуманитардык уюмдарынын ырасмий өкүлдөрү менен жолугуп,өлкөдөгү жагдайды талкуулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG