Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Россия менен АКШ өз ара мамилелердин негизин сактап калганга жетишти


Орус президенти Владимир Путин бүгүн Москвада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы менен жолугушуу учурунда ушундай пикирин билдирди. Ирак проблемасы боюнча карама-каршылыктар буга каскак боло алган жок, деп эсептейт Путин. Колин Пауэлл өз кезегинде Вашингтон согуштан кийинки Ирактын проблемасы боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө даяр экендигин бышыктады. Америкалык тышкы саясий мекеменин башчысы орус президенти менен жолугушар алдында Россияны дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштө активдүү кызматташтыкка чакырган эле.

XS
SM
MD
LG