Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Москвада болду


Орус тышкы иштер министри Игорь Иванов жана башка ырасмий өкүлдөр менен ал согуштан кийинки Ирактын проблемаларын, анын ичинде Вашингтон ООНдун коопсуздук кеңешине киргизген резолюциянын долбооруна байланыштуу маселелерди талкуулады. Аталган документ ушул аптада коопсуздук кеңешиндеги талкуулардын башкы предмети болмокчу. Тараптар ошондой эле Чеченстандагы кырдаалды, Россия менен Ирандын атомдук энергетика тармагындагы кызматташтыгын сөз кылышты, президент Жорж Буштун пландалып жаткан визитине тиешелүү маселелерди макулдашышты. Колин Пауэлл Москвадагы эл аралык мамилелер институнда студенттер алдында сөз сүйлөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG