Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

16 МИЛЛИОН ДОЛЛАР – ОҢДОЛО ЭЛЕК ЖОЛДОР


Кыргызстандын экономикасы кандайлыгын башкалаа Бишкектин жолдору кашкайтып көрсөтүп турат. Шаардагы ири көчөлөрдүн айрымдары оңдолуп, калганы баштагы калыбында. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын курулуш, транспорт комитетинин кезектеги отурумунда Бишкектеги жолдордун абалы, Азия өнүгүү банкынан алынган кредиттердин кайрымжысы жайында кеп жүрдү.

Эки жылдан бери Бишкектин жолдорун жаңылоо иштери жүрүүдө. Шаар жолун оңдоо үчүн жарыяланган тендерди башында ирандык жолчулар утуп алса, өткөн жылкы сынакта кытайлыктардын мөрөйү үстөм болду. Ирандык жолчулардын ишине канааттанбаган шаар бийлиги Кытайдын “Chinа Road” компаниясы тендерден утуп чыканын жарыялап, шаар жолдору дүйнөлүк стандартта оңдолорун айтып чыгышкан. Өткөн жылы жай, күз ичи кытайлык жолчулар борбордун Совет менен Чүй көчөлөрүн тосуп, шаардык автоунаалар айласыз майда көчөлөр аркылуу айланып жүрүшкө мажбур болушкан. Быйыл деле ошол көрүнүш кайталанууда. Шаарга кирүүчү, чыгуучу жолдордун айрымдары чылк тосулуп, айланма жолду издеген айдоочулар башкалаадагы адаттагы көрүнүшкө айланып баратат.

Антип, кыйлага тосулуп бүткөрүлгөн жол мыкты болсо шаар бийлиги менен кытайлык компаниянын ортосунда талаш чыкмак эмес. Бишкектин жолдору бир жылга жетпей бузула баштаганын айтып, Кыргызстан бир канча ирет Кытай бийлигине кат жазган. Анын натыйжасында кытайлык жол куруу компаниясынын жетекчилиги алмаштырылды. Бирок бул жерде ушу тапта иштетилип аткан Азиялык өнүгүү банкынын 16 миллион доллар кредитин эртең төлөп берчү кыргызстандык салыкчыларда биртоп суроолор чыгышы мүмкүн. Эмнеликтен оголе көп акча сарпталып оңдолгон жолдун абалы начар?

Ушу тапта кытайлык курулушчулар былтыркы жасаган ишинин кыйласын кайра оңдомокко быйыл жол тосуп жүрүшкөн кези. Төшөлгөн асфальттын айрым жерлери чөгүп, калган жагы өркөчтөнүп, жаңы жол көптөн күткөн үмүттү актаган жок. Республиканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Бишкек шаарындагы жолдордуу оңдоо долбоорунун жетекчиси Калмурза Иманалиев былтыркы иштин мүчүлүштөрү быйыл кытайлыктар тарабынан четтетилет деп айтты. «Подрядчылардын колуна оңдолчу жерлерди көрсөттүк, дейт ал. - Мына, люктар түшүп кетиптир деп атпайбы. Ошонун баарын “China Road” өзүнүн эсебинен былтыркы кемчилин оңдойт, быйылкы ишин да жасайт. Эмдиги жылы да оңдолгон жол текшерилет. Быйыл консультант чечим кабыл алды, сертификаттан мурункудай 5% эмес, 15% кармап калат, эгер бузуктар табылса ушул акчанын эсебинен оңдойт».

Депутат Махмуд Күчүков кытайлык жолчулардын ишине көзөмөл жакшы болбогондуктан, жаңыланган жолдор бир жылга жетпей талкалана башталганына токтолду. “Асфальтты төшөгөндө бардык люктар алдында калды. Аны өзүңөр деле машине менен кыдырып көрсөңөр болот. Люктар бар, решеткалар бар, ошолордун асфальттан төмөндүгү 5 – 10 сантиметрге жетет”.

Ишти аткаруучу менен аны кабыл алуучунун ортосундагы мамиле тууралуу республиканын Транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Кубанычбек Мамаев момундай пикирин билдирди. «Эгер подрядчы айтылган ишти жасабай койсо консультант өзүнө берилген жаңы укукка ылайык башка подрядчыны ала алат. Консультант - «Кыргыз жол курулушу». Подрядчынын пресоналы өзгөрүлдү. Пекинге чейин жаздык. Кытай элчилигин чакыртып көрсөттүк. Азыр башкы подрядчы мурдагы Дай эмес Лай деген киши. Асфальт боюнча адиси да жаңы. Сапаты өзгөрүп атат, аны караса болот»

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, транспорт, архитектура комитетинин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков Бишкек жолдорунун начардыгына токтолуп, бир жылга жетпей бузула баштаган жолду салган кытайлык компанияга кандай чара көрүү керектигине кызыкты: «Алар тендерди утуп алдым деп жата береби же аларга таасир көрсөтүүнүн механизмдери барбы?»


Бишкек шаар башчылыгынын жол курулушу боюнча башкармалыгынын адистеринин айтымында, Бишкектин оңдолгон жолдорунун сапатын жакшы деп айтыш кыйын. Шаар жолдоруна жука асфальт төшөлгөн. Анын үстүнө дагы бир сыйра асфальт төшөш үчүн Кыргызстан тарап Азия өнүгүү банкына дагы кайрылган. Банк Бишкектен келген жаңы сунушту деле колдоого даяр, бирок иштелчү иштин чыгымы канча болорун так аныктаган техника-экономикалык негиздемени талап кылууда. Кендирди кескен каражаттын жогунан шаар бийлиги өз алдынча жол оңдошко кудуретсиз. Азыркы Бишкек бийлиги жол оңдоштун ордуна шаар ичинде күргүштөгөн автомай куюуучу жайларга жер бөлүп берүүнү жакшы көрөт.
XS
SM
MD
LG