Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

КАРАКТАРЫКТАГЫ КӨЧКҮДӨН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ КАЗЫНАДАН КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ


20-апрелде Өзгөн районунун Каратарык айылында болгон жер көчкү 38 адамдын өмүрүн кыйып, 16 үй-бүлөнү там-ташсыз калтырган эле. Көчкүдөн жапа чеккендерге Куршаб айылынан жаңы чек берилгени менен, алдыда дагы көп жумуштар бар экени белгилүү. Үй-жайсыз калгандарга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат жана бул максат үчүн канча каражат бөлүндү?

Өзгөн районунун Каратарык айылындагы жер көчкү үйлөрүн басып калган 13 үй-бүлөгө жаңы тамдарды бекер куруп берүү максатында казынадан алгачкы 3 миллион сом бөлүндү. Бул 13 үй-бүлөдөн тышкары да там-ташы жараксыз абалда деп аныкталган адамдарга 15 жылдык мөөнөткө берилүүчү 200 миң сом өлчөмүндөгү ссудаларды таратыш үчүн бюджеттен алгачкы 20 миллион сомду бөлүү жагы да чечилди. Мындай маалымат 14-майда кыргыз өкмөтүнүн Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Турак-жай курулуш департаментинин директору Айчүрөк Тазабековадан алынды.

- Каратарыкта көчкүдөн кийин үй-жайы жараксыз болуп калган үй-бүлөлөргө өкмөттүн токтому менен 200 миң сомго чейинки каражатты процентсиз ссуда катары берүү маселеси чечилди. Ал эми көчкүнүн алдында там-ташы калган 13 үй-бүлөгө мамлекет бекер үй куруп берет, - деди Айчүрөк Тазабекова.

Турак-жай курулуш департаментинин директорунун сөзүнө караганда, Каратарыктагы көчкүдөн жапа чеккендерге жардам берүү максатында ачылган атайын эсепке ушул күнгө чейин мамлекеттик мекеме-уюмдардан, жеке компания, фирмалардан, кыргызстандык жана чет элдик жарандардан бардыгы болуп 500 миң сомго жакын каражат түшкөн.

№ 32-Өзгөн шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган Адахан Мадумаров Өзгөн районуна жакында эле барып келген. Анын бизге айткандарына караганда, көчкүдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө Куршаб айылынан жер бөлүнүп берилгени менен, там-ташы жараксыз деп табылган адамдарга убада кылынган 200 миң сомдон таратылуучу ссуда дагы эле жетпей жатат.

- Көчкүнүн алдында үйү калган 13 түтүнгө Куршабдын борборунан жер бөлүнүп берилгени жакшы болду, - деди Адахан Мадумаров. - Бирок, үй-жайы жараксыз деп табылган калган адамдарга бөлүнөт делген 200 миң сом өлчөмүндө берилүүчү ссуданын бир да тыйыны бара элек. Дагы бир орчундуу маселе – көчкү коркунуч келтирип турган айылдардагы адамдарды коопсуз жерлерге көчүрүү иши. Кайсы жерлерде табияттын кырсыгы болуп кетээрин аныктай турган адистен Ош облусу боюнча бир гана адам калыптыр. Менин койгон талабым ушул – тезинен башка жерлерден адистерди чакырып, өкмөт көчкү коркунучу күтүлүп келаткан Жалпакташ, Каратарык, Жыланды айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы айрым тургундарды башка жерлерге тезинен көчүрүшү керек.

Көчкүдөн жапа чеккендерге Куршаб айылынан жер бөлүнгөнүн, «көчкү жүрүп кетсе анын алдында калышы ыктымал» деп эсептелген адамдар тынымсыз башка жактарга көчүрүлүп жатканын Өзгөн районунун акими Расул Жолдошев 14-майда телефон аркылуу маалымдады:

- Каратарыктан ушул күнгө чейин 27 үй-бүлө көчүрүлүп келди. Көчүп келип жаткандардын аягы тына элек. Көчкүнүн алдында там-ташы калгандарга болсо Куршабдан 5 гектарга жакын жер бөлүп бердик. Алардын үйүнүн пайдубалы түптөлүп жатат. Акчасы болсо өткөн аптанын жума күнү келип түштү.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эмил Акматовдун айтымында, «жазып-тайып көчкү жүрүп кетсе, андан жапа чегип калышы ыктымал» деп табылган үй-бүлөлөлөр коопсуз жерлерге министрликтин жардамы менен көчүрүлүп жатат:

- Акыркы маалыматтарга караганда, Ош облусу боюнча 292 үй-бүлө, Жалалабад облусу боюнча 82 үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Эмил Акматовдун айтымында, Финансы министрлигинен бюджетке жараша Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыл сайын бөлүнүүчү каражаттар толук өлчөмдө берилбейт. Берилсе да ал акча табигый кырсыктар күчөгөн кыш-жаз айларында эмес, жай-күз айларында гана бөлүнөт.

«Финансы министрлигинен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнүүчү акчаны табигый кырсыктар күчөгөн кыштын аягында жана ала жазда берүүгө кандай тоскоолдуктар бар?» деген суроого мурдагы финансы министри, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов мындай жооп узатты:

- Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги туура маселе коюп жатат. Себеби, өз учурунда табигый кырсыктардын алдын албай, кийин ага көп каражат сарптап жатабыз. Бирок ошол эле убакта эмне себептен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын жазында болуучу табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштарын күз айларында жүргүзбөйт – ушуга түшүнбөйм.
XS
SM
MD
LG