Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Вашингтондо АКШ менен Түштүк Кореянын президенттери жолугушту


Жорж Буш жана Но Му Хен биргелешкен пресс-конференцияда Вашингтон менен Сеул Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасынын тегерегиндеги чатакты тынч жол менен чечүүгө аракет көрүп жатканын билдиришти. "Мен президент мырзаны биз мындан ары да Корей жарым аралынын тегерегиндеги кырдаалды жайынча чечүүгө аракеттенээрибизге ишендирдим. Азыр да биз бул багытта алгылыктуу иштерди жасап жатабыз", - деди Жорж Буш. Бирок, маалымат жыйынында – Түштүк Кореядагы 37 миңдей америкалык аскердин мындан аркы тагдыры, же Пхеньян проблемасын жөнгө салуудагы Вашингтон менен Сеулдун ортосундагы айрым түшүнбөстүктөр тууралуу айтылган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG