Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Колин Пауэлл Москвадагы визитин жыйынтыктап, Болгарияга сапар тартат


Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы дагы бир ирет Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугуп-сүйлөшөт. Мурунку күнү Пауэлл Орусиянын президенти В.Путин жана И.Иванов менен маектешкен. Ал сүйлөшүүлөрдүн соңунда Путин Орусия менен АКШ Ирактагы согушка карата ар башка көз карашта болгону менен, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө багытында аракеттене берет деп белгиледи. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Орусия-АКШ президенттеринин ушул айдын аягында өтө турган саммитинде каралчу маселелер да талкууланууда. Пауэлл шаршембиде Орусия азырынча Иракка каршы эл аралык санкцияларды алып салууга макул боло элек деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG