Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Америка Иракка дагы 20 миңдей аскерин жөнөтөт


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд кошумча 15 миңден 20 миңге чейинки америкалык аскер Багдаддагы жана башка башка аймактардагы уурулук, андан башка мыйзамсыз аракеттерди тыюуга, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого көмөктөшөөрүн жарыялады. Пентагондун жетекчиси уурулуктун үстүнөн кармалгандар, ошондой эле адамдардын өмүрүнө кол салууга аракеттенгендер камакка алынат, ал эми алар каршылык көрсөтүшсө, окко кабылышат деп белгиледи. Рамсфелд Саддамдын бийлиги кулагандан бери Багдадда башаламандык өкүм сүрүүдө деген пикирлерди четке кагып, азыркы тапта Иракта АКШлык 140 миңдей аскер кызмат өтөп жатканын тактай кетти. Америкалык деңиз аскерлери Багдаддын түштүк тарабында миңдеген кишилер чогуусу менен көмүлгөн көрдү кайтарып жатышат. Алгачкы иликтөөлөр анда 3000ден ашуун өлүк жашырылганын көрсөткөн, азырынча алар кимдер экени жана бул кылмышты ким жасаганы аныктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG