Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

14 кишинин өмүрүн алган Чеченстандагы терактты аткарган эки аялдын ысымы такталды


Шаршембиде Иласхан-Юрт кыштагында Чеченстандын жетекчилиги баш болгон 15 миңдей адам чогулуп, Мухаммед пайгамбарды жана чечендердин белгилүү динаятчысын эскерип, түлө өткөрүп жаткан жерде бомба жардырылган. Күбөлөр эки аял журналистбиз деп, трибунада турган Чеченстандын жетекчиси Ахмад Кадыровду көздөй жакындап баратканын айтып беришкен. Орусиялык басылмалар эки аялдын бири белине байланган бомбасын жардырууга үлгүрбөй, биринчи жардыруудан көз жумганын кабарлашты. Чеченстандын Москва колдогон жетекчиси Кадыров жабыр тарткан жок, жараат алган 145тей кишинин арасында анын эки күзөтчүсү бар экени маалымдалды. Мындан 2 күн мурдараак эле Чеченстандын түндүгүндө болгон террордук акт 59 кишинин өмүрүн алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG