Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Америкалык адистер Сауд Арабиядагы жардырууларды иликтөөгө жардам көрсөтүшөт


Алар дүйшөмбүдө болгон бомба жардырууларын иликтөөгө көмөктөшүш үчүн Эр-Риядга барышты. Ал күнкү жардыруулардан 34 киши, алардын арасында АКШнын 8жараны набыт болуп, 200гө жакын киши жараат алган. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок, бирок Вашингтон менен Эр-Рияддын өкүлдөрү жардыруулар "Ал-Каида" уюму буга чейин уюштурган акцияларга окшошот деп жоромолдошууда. Кошмо Штаттардын Эр-Рияддагы элчиси Роберт Йордан Вашингтон бир нече ирет суранганына карабастан, Сауд Арабия өкмөтү чет элдиктер жашаган үйлөрдүн коопсуздугун кошумча бекемдөөгө аракет көрбөгөнүн айтып нааразыланган эле. Андан улам, Саудиянын тышкы иштер министри, ханзаада Саул ал-Файсал коопсуздук маселелеринде айрым проблемалар бар экенин моюнга алып, дүйшөмбү күнкү кандуу окуяга тиешеси бар деген шек боюнча 15 киши кармалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG