Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

ӨЗБЕКСТАНДЫН АНЖИЯН ОБЛУСУНДАГЫ КЫРГЫЗДАР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жашоонун оордугунан улам укуктары өтө басмырлангандыктан, Өзбекстандын Анжиян облусундагы кыргыздар түпкү Атамекени – Жалалабад жана Ош облустарына өтүп, жарыбаган жалыйна табаар ишке орношуп, эптеп өлбөстүн күнүн көрүүгө аргасыз. Айрымдары Чүй боорунда жер иштетишсе, башкалары Казакстан менен Орусияга сапар тартаарын айтышууда. Өзбекстандык кыргыздардын Жалалабад облусунда көрүнгөн жерде иштеп жүрүшкөн айрым өкүлдөрүн сөзгө тарттык.

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Коргонтөбө районуна караштуу Борулук, Токтогул, Жартыбаш, Кызылтокой, Бирлешкен, Нарбото айылдарында 18 миндей, Жалалкудук районундагы Насирдин Исанов атындагы жана Карабагыш кыштактарында бир нече миң кыргыз атуулдары жашаарын ал жактан келишкен улутташтарыбыздан уктук. Алардын 5-6 миңдейи жаз айларынан тартып Жалалабад жана Ош облустарында жалданып иштөөгө аргасыз. Айрымдары Чүй боорунда жер иштетишсе, башкалары Казакстандан, Орусиядан жумуш издешет. Өзбекстанда калган кандаштарынын жашоо-турмушу, маданияты, өзбек бийлигинин аларга жасаган мамилеси тууралуу алар шардана айта беришпейт. Өзү менен бир туугандарынын коопсуздугун ойлоп, тилин тишине баскан өзбекстандык кыргыздардын арасынан Коргонтөбө районунан Жалалабадга келип, устачылык менен жан багып, эми ал ишинен да майнап таба албай, жакында Орусияга кетүүнү чечкен Мухамедалы Сапаровду аңгемелешүүгө араң көндүрдүк. Ал өзү туулуп-өскөн Токтогул айлынан күнүгө 200 киши Жалалабадга келип иштээрин айтып, кыргыз китептери өзбектин улуттук кийим-кечеси, музыкалык аспаптары менен кооздолгонун баяндады:

- Мектептерде биринчи кыргыз класстарынын «Алипесинде» тамгалары кыргызча жазылганы менен, улуттук кийимдери өзбекче тартылган. Улуттук аспаптары өзбекче көрсөтүлгөн. Биз окуп жүргөн учурда кыргыз китептерде калпак болсо калпак турчу, комуз турчу. Азыр ал жерге топу коюлуп калыптыр. Бул жерге келип базарда иштешет, курулуштарда жумуш кылышат. Бизге окшогондорго Кыргызстандын жетекчилиги көңүл бөлбөсө эмне кылаарыбызды деле билбей калдык.

Мухамедалы сыяктуу ар кайсы жерде баш калкалап, эптеп Кыргызстандын атуулдугун кандай гана ыкмалар менен болсо да алууга умтулгандар аз эмес. Өзбекстанда турмуштун оордугун кеп кылуудан И. Каримовдун бийлигинде жашаган кыргыздар чочушат.

- Туулуп-өскөн мекенибизде өзбекстандыктар күн көрсөтпөсө, бизге окшогондорго Кыргызстандын жетекчилиги көңүл бөлбөсө, эмне кылаарыбызды деле билбей калдык. Өзбекстанда жашаган кыргыздар кыйналышты, - дейт Мухамедалы Сапаров.

Соода-сатык кылыш үчүн азык-түлүк, буюм-тайым ташып өткөн өзбекстандык кыргыздар чек ара бекетинен куру кол кутула алышпайт.

- Кечээ күнү биз кыргыз паспорту менен өттүк эле. Күйөөмдүн паспорту калды. «Ага 20 сом, андан тышкары ар бир адамга 20-30 сом деп» оозуна келгенди айтышат, - дейт Жалалабад шаарынын жол боюндагы бир көчөсүндө суусундук сатып, бала-чакасын баккан, өзбекстандык Гүлсара Ходжаева аттуу кыргыз келин.

Өзбекстандык кыргыз улан-кыздардын көпчүлүгү Кыргызстандын окуу жайларынан алган адистиги боюнча коңшу өлкөдө жумушка орношо алышпайт. Гүлсаранын Жалалабаддагы медициналык окуу жайын бүтүргөн бир тууган сиңдиси өз адистиги боюнча Ташкенге барып, кайра окуп келүүгө мажбур болгон:

- Өзбекстанда кызым окуганы менен ал жерде иш жок. Өзбекстанда окуюн десе, алар кыргызча окуган. Дипломдору күйүп, бош эле жүрөт.

Өзбекстандык ар бир кишинин артынан аңдуу коюлгандыгынан коркуп, аты-жөнүн өзгөртүп сүйлөгөн Ходжаева өңдүү кыргыз атуулдары айылдаштары Кыргызстанга суктануу менен карашаарын айтышты. Анжиян облусундагы чакан айыл-кыштактарда да жетекчиликте иштеген кыргыздар бирөө же экөө гана. Гүлсара бир кезде бүтүргөн кыргыз мектебинин аты «Чулпон» делип, өзбекче аталып калган. Пахта өстүрүүдөн башка иштин жоктугунан жалалкудуктук, коргонтөбөлүк кыргыздар ата-энесинин акылы менен түпкү мекени Кыргызстанда тамырлап калууга аракеттенишет.

- Кыргыздарды алар кысат. Кыргызстандагы өзбектер эркин жүрөт. Бүт иши бар. Кыргыздар ошондуктан көбү көчүп кетип атат. Мисалы, өзүмдүн бир туугандарым бар, Кыргызстанда жүрөт, ошолор «Казакстанга өтүп, ошол жакта жашап туралы, кыйналганыбыз жетет, кыргыздардын келечеги жок» деп айтып калышыптыр – дейт Гүлсара Ходжаева.

Анын пикири боюнча, Кыргыз Республикасы өз мамлекетиндеги өзбектер үчүн кандай шарттарды түзсө, өзбек бийлиги да ал жакта жашаган кыргыздар үчүн Кыргызстандагыдай камкордуктарды көрүшү, улуттук тил, каада-салттарын өркүндөтүүгө өбөлгө түзүшү керек.

- Өзбекстандын президенти кыргыздарга көңүл бурушу керек. Себеби Акаев Кыргызстандагы өзбектерге шарттарды түзүп берип атат. Мисалы, маданият үйлөрү, парктары бар. Өзбектерди астыга коёт. ВЛКСМ паркын айтсам - наавай парк. Ал жакта кыргыздар үчүн андай шарт жок. Кыргыз мектеби дейт, кыргыз мугалимдер бар болгону менен аты кыргызча коюлган эмес, - дейт Гүлсара Ходжаева.

XS
SM
MD
LG