Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

АНТИТЕРРОРДУК КҮЧТӨРДҮН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АСКЕРИЙ-АБА БАЗАСЫ ЖЕР КОТОРУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек АКШ баштаган алты мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн турган эл аралык антитеррордук коалициянын аскер-аба базасы Кыргызстанда жайгашканына бир жарым жыл болуп калды. Кыргыз өкмөтүнүн буга чейинки маалыматтарына караганда, Кыргызстан бул аба базасынан 80 миллион доллар киреше көрдү. 2-май күнү кыргыз өкмөтү Ганси атындагы аба базасына 300 гектар жер бөлүп берди. Ал жердеги курулуш иштери бүтөөрү менен чет элдик куралдуу күчтөр «Манас» аба майданында ээлеген аймакты бошотушат.

Ганси атындагы базанын аскерлери жаңы базанын курулушу бүтөөрү менен «Манас» аба майданынан Сокулук районуна көчкөнү калышты. Өкмөттүн буйругу менен Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттиги америкалык аскерлерге 300 гектар жерди бөлүп берди. Коалициянын жетекчилиги алгач Манас айылынын тегерегиндеги дыйкандар эгин айдачу жерге көз артышкан. Бирок жүздөгөн дыйкандарды жерсиз калтырууга кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн дити барган жок. Сокулуктагы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Мраморное айылынын жанынан табылган жер америкалыктардын көңүлүнө төп келди. Жер бөлүштүрүү башкармалыгынын кызматкери Нарынбек Исабековдун айтымында, бул жер таштак болгондуктан, акыркы 10 жылдан бери иштетилген эмес. Министр Төлөбек Өмүралиев «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен америкалык тарап кол койгон келишимдин негизинде бул жер 3 жылга ижарага берилгенин билдирди.

- Биз бул жерди Коргоо министрлигине бердик. Бул Мамлекеттик фондусунун жери болчу. Америкалыктар дыйкан чарбаларынын жерин сураган. Бирок дыйкандардын жери абдан кымбат турат, аны сатып алганга мамлекеттик казынада каражат табылмак эмес. Бул жер ижарага үч жылга берилди.

Кыргыз өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда, америкалыктар жердин ижарасы үчүн жылыга 5,5 миллион сом төлөйт. Ижарадан түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү Новопавловка айыл өкмөтүнө тиет, калганы кыргыз өкмөтүнүн атайын эсебине которулат.

Ганси атындагы аба базасынын коомдук байланыш бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, аскердик базанын жаңы курулушу үчүн баш-аягы 60 миллион доллар жумшалат. АКШнын Коргоо министрлигинде түзүлгөн башкы план боюнча Сокулуктан бөлүнгөн жерде техникалык терминалдар, ок-дары складдары, кураштырма үйлөр орун алмакчы. Базанын имараттары болгону 30-40 гана гектар жерди ээлеп, калган аймак коопсуздук жана коргонуу иштерине арналат.

Бишкекте эл аралык коалициялык күчтөрдүн жайгашканы кыргыз саясий коомчулугунда буга чейин да ача пикирлерди жаратып келди. 300 гектар жер берилгенде оппозициялык маанайдагы депутаттар «чет элдиктер кыргыз жерин басып алышууда» деген кыязда сүйлөштү. Ал эми айрым саясатчылар «америкалыктардын жаңы жерге жайгашып атканы сырттан кол салчу айрым экстремисттик топторго сес көрсөтүп турат» дешти. Бишкекте жашап аткан америкалык жарандардын да пикири бир кылка эмес.

Борбордук Азиядагы Америка университетинде политология боюнча дарс окуган Виллиам Хансен мырза АКШнын аба базасынан Кыргызстан үчүн олуттуу деле пайда болооруна көзү жетпейт:

- Кыргыз мамлекети каршылык көрсөтпөгөндөн кийин, демек аба базасынын болушуна макул да. Ал эми америкалык тарап биякта мүмкүн болушунча узак убакыт болгонго аракет кылат. Бул база келечекте кичинекей, жарды өлкөнүн аскерлешип кетишине себепкер болот. Учурда, балким, материалдык жактан кыргыздар үчүн пайдалуудай сезилип аткандыр. Бирок Кыргызстан келечекте өкүнүп калышы мүмкүн.

Ганси атындагы аба базасын Кыргызстанда орноштуруу боюнча эл аралык келишимге 2001-жылы декабрь айында кол коюлган. Бул келишимди Жогорку Кеңешке ратификациялоого президент А. Акаев өзү көтөрүп келип, депутаттарды ынандырган. Бирок, эки өлкөнүн ортосундагы башкы келишим боюнча, эгер тараптардын бири келишимден баш тартпаса, антитеррордук коалициянын Кыргызстанда жайгашуучу мөөнөтү улам бир жылга узара бермекчи. Америкалыктар жерди 3 жылга ижарага алганынан бул аскердик база бир кыйла убакытка отурукташканы калды деп боолголоого негиз бар.

«Манас» аба майданындагы Ганси атындагы аба базасында 12-майда аскердик жетекчилик алмашты. Алты өлкөнүн аскерлери кошулган коалициялык күчтөрдү алты ай бою башкарган генерал Жерад Кениш өз милдетин Томас Дайкска өткөрүп берди. АКШнын Коргоо министрлигинде кызмат өтөп келген генерал Томас Дайкс америкалык резервдик армиянын командачысы болуп келген. Генерал Томас Дайкстын сөзүнөн «аба базасы Кыргызстандагы вазийпасын терроризмдин тамыры кыркылмайынча улантат» деп түшүнүүгө болот.

- Биз терроризм деген каргашага каршы күрөшүп жатабыз. Бул жерде ошол вазийпа менен жүрөбүз. Терроризмди жоготуш үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо күрөшөбүз. Өз вазийпабыздын ийгилиги үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз, - дейт генерал Томас Дайкс.

XS
SM
MD
LG