“Евростат” агенттиги таркаткан маалыматтарда Германия менен Нидерландияда ырасмий түрдө экономикалык төмөндөө фактысы катталды. Ички дүң өндүрүштүн көлөмү Германияда - 0,2, Нидерландияда – 0,3, ал эми Италияда - 0,1 процентке төмөндөгөн. Ошол эле учурда Европа комиссиясы экинчи жана үчүнчү кварталда экономикалык өсүш жалпы союз боюнча 0,4 проценттин тегерегинде болот деп болжолдоодо.