Эки күндүк сапар маалында Мохаммад Хатами Сириянын президенти Башар Асад менен Жакынкы чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулады. Президенттер биргелешкен билдирүүгө кол коюп, Кошмо Штаттарын Иранды, Сирияны жана Ливанды омуроолоп опузалаганын токтотууга чакырышты. Кечээ эки тараптын соода-сатык мамилелерин акырындап либералдаштыруу максатында орток комитет түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Хатами бүгүн Йеменге келди.