Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Чеченстандагы кечээги террордон набыт болгондордун саны он алты адамга жетти


Жарадар болгон 100дөн ашуун кишиден 43төйү өтө оор абалда. Илисхан-Юрт кыштагындагы бул кыянатта чечен администрациясынын башчысы Ахмад Кадыровдун үч сакчысы да набыт болду. Ал эми мунун алдында Знаменское кыштагындагы террордо 59 киши набыт кетип, 300дөйү жарадар болгон эле. Орус президенти Путин бүгүн Чеченстанда мунапыс жарыялоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун мамлекеттик думага сунуш кылды. Ага ылайык, 1-августка чейин куралдуу каршылык көрсөтүүдөн баш тартып, курал-жарагын тапшыргандар жоопкерчиликтен бошотулат. Бирок оор кылмыш кылгандарга жана чет элдик жалданма лашкерлерге мунапыс берилбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG