Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстанда кылмышкерлер тобу милициянын эки кеңсесине кол салып, курал-жарактарды карактап кетишти


Ассошейтед пресстин кабарларына караганда, бүгүн эрте менен Жалалабаддын шаардык милиция бөлүмүнө куралдуу он чакты адам кирип келип,күзөттө турган кызматкерлерди сабап салышкан жана 20дан ашуун Калашников автоматын,снайпер мылтыгын,бир канча тапанча, баары болуп отуздан ашуун курал-жаракты карактап кетишкен. Буга катарлаш областтык милициянын бөлүмүнө да кол салынган. Кылмышкерлер милициянын машинелерине отуруп, качып кетишкен. Акыркы маалыматтар боюнча алардан төртөөнү оперативдүү топ Аксы районундагы кыштактардын биринен тоо таянып бараткан жерден кармашкан. Азыр алар сурак берип жатышат. Кылмышкерлердин экинчи тобу Кербен айылына жакын жерде милиция отряды менен атыша кетип, андан соң качып беришти. Куугунтук уланууда.

XS
SM
MD
LG