Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

ЖАРДЫРУУЛАР АКШНЫН САУДАРАВИЯ МЕНЕН АЛАКАСЫНА КАНДАЙ ТААСИР ТИЙГИЗЕТ


Ушул аптанын башында Эр-Риядда болгон жанкечтилердин үч катар чабуулунан кийин, АКШ менен Сауд Aрабиянын мамилеси дагы сууй түштү. Бирок америкалык расмий өкүлдөрдүн жана эксперттердин айтымында, эгер мунайга бай Сауд Aрабия жардырууларды иликтөөгө Кошмо Штаттары менен чын дилинен жардам берсе, эски союздаштардын мамилесин сактап калуу анча кыйын болбойт.

Ушул дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын баш калаасында чет элдиктер жашаган комплексте үч катар бомба жарылып, 34 киши набыт болду. Курмандык болгондордун жетөө - америкалыктар.

Вашингтон жанкечтилердин бул чабуулдардын артында теги саудиялык Осама бин Ладендин "ал-Каида" уюму турат деп айтууда.

Кошмо Штаттары жана дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү Сауд Арабия жарым кылымдан бери союздаш, экономикалык кызматташ болуп келатышат. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон жардыруулардан кийин, бул алакаларга катуу доо кетти. Учактарды ала качып жардырган 19 барымтачынын 15и Сауд Арабиянын жарандары болгон. Сауд Арабиянын "ал-Каидага" финансылык колдоо көрсөтүп келгени ачыкка чыкканда, Кошмо Штаттарынын көңүлү ого бетер карайды.

Эки өлкө такыр жүз карашпай калат беле ким билет, бирок Сауд Арабиянын ханзаадасы Абдулла эл аралык терроризмге каршы күрөшкө кол кабыш кылууга убада кылып, экстремисттерге каражаттын агымын бууп, Ирак согушунда АКШнын армиясына өз аймагындагы аскер базаларын пайдаланууга бергенден кийин, орток алака кайра оңоло баштагансыган эле.

Дүйшөмбүдөгү жардырууну ханзаада Абдулла катуу айыптады. Сауд Арабия "ал-Каида" жазасын алат деп айтууда. Бирок Кошмо Штаттары Эр-Рияддан куру убада менен чектелбей, ФБРдин кызматкерлерин жардырууларды иликтөөгө кеңири катыштырып, Сауд Арабияны ички террор проблемасы бар экендигин моюнга алууну талап кылууда.

- Дүйнөдөгү көп өлкөлөрдөй эле, Сауд Арабия өз аймагында террористтер бар экендигин, алар Сауд Арабияга да, америкалыктарга да, Сауд Арабияда жашап, иштеген башкаларга да коркунуч келтирип жаткандыгын моюнга алышы зарыл, - деп билдирди Ак үйдүн пресс катчысы Али Флайшер шаршембиде Вашингтондо өткөн брифингде.

Ал эми АКШнын Сауд Арабиядагы элчиси Роберт Жордан Эр-Риядга "чет элдиктер жашаган комплекстин коопдуздугун бекемдөө тууралуу АКШнын буга чейинки талабына тийешелүү чара көргөн жок» деп кине койду. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, чабуул даярдалып жатканы тууралуу көп эле белгилер болгон. Жардыруунун алдында, саудиялык бийликтер алаамат болгон жайга жакын жерден жардыргыч заттарды колдо түшүргөн.

Ошол эле кезде өткөн аптада АКШнын өкмөт өкүлдөрү Сауд Арабиянын буга чейинки анти-террордук иш-чараларга жакшы катышып келгендигин айтышкан. Конгресстин Изилдөө кызматынын адиси Кенет Катсмандын пикиринде, эгер Эр-Рияд тергөө ишинде АКШ менен жакындан кызматташса, соңку жардыруулар ортодогу алакалардын жакшырышына огожо болмокчу. Бирок башка эскперттер ханзаада Абдулланын реформа иштери Сауд Арабиянын өзүндө карама-каршылыктарды тереңдетээрин эскертишүүдө.

Соңку мезгилге чейин Ак Үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчиси болуп иштеген Флинт Левереттин көз карашында, мындай карама-каршылыктар Сауд Арабиянын бийлигине коркунуч келтирет деп кооптонууга негиз жетишсиз, ошондуктан Кошмо Штаттары саудиялык падышачыл бийликти анча-мынча кысмакка алса, анча деле катуу кеткендик болмок эмес.
XS
SM
MD
LG