Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Бишкекте акын Жоомарт Бөкөнбаевдин жаңы айкели коюлмак болду


БИШКЕК. Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин Бишкектин «Эркиндик» гүлбагындагы уурдалган айкелинин ордуна жаңы айкел орнотулат. Бул тууралуу Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу, мурдагы экология министри Кулубек Бөкөнбаев бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, учурда жаңы айкелди жасап, орнотуу боюнча академик Аскар Какеев башында турган комиссия түзүлдү. Айкелди орнотуу максатында ачылган эсепке азырынча 20 миң сомго жакын каражат топтолду. Биринчилерден болуп депутат Дооронбек Садырбаев 4,5 миң сом акча которду. Айкелди жасап, орнотууга баш-аягы 1 миллион сомго жакын каражат керек. Кулубек Бөкөнбаевдин билдиргенине караганда, Жоомарт акындын жаңы айкелин жасап, орнотууга кетчү каражаттын негизги бөлүгүн Бишкек мэриясы өз мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG