Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Н. Танаевдин Түркиядагы иш сапары аяктады


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин Түркиядагы иш сапары соңуна чыкты. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, иш сапарынын учурунда Николай Танаев Түркиянын премьер-министри Режеп Таип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында өкмөт аралык үч документке кол коюлду. Алар - Тараптардын турак-жай курулуштары боюнча кызматташтыкта өз ара түшүнүшүүсү тууралуу макулдашуу, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын 3-отурумунун протоколу жана Эки өкмөт ортосундагы узак мөөнөттүү соода-экономикалык кызматташтык планы. Иш сапарынын учурунда Николай Танаевди Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер жана бул өлкөнүн мурдагы президенти Сулейман Демирел кабыл алды. Кыргызсандын премьер-министри Түркиянын бир катар саясий жана коомдук ишмерлери менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG