Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Жалалабад милициясына кол салгандардын төртөө кармалды


БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат 6ченде Адыл Каримов башында турган куралчан топ Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнө кол салды. Алар күзөттө турган 2 милиция кызматкерин сабап, алардын автомат, тапанчаларын алып качышкан. 30 мүнөт өтпөй ушул эле топ Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгана да кол салып, бул ирет 4 милиция кызматкерин сабап, ал жерден да курал-жарактарды алып кетишкен. Бул тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдон алынды. Жалалабаддагы «Азаттыктын» кабарчысы Ырысбай Абдраимовдун билдиргенине караганда, кол салгандар автомат, тапанча жана снайпер мылтыгы болуп, баш-аягы 33 даана курал-жаракты ок-дарысы менен уурдап качышкан.
Ушул эле күнү куралчан топтогулардын төртөө Аксы районунун Кызылжар айылынан кармалды. Үчөө болсо машина менен келатып, Каражыгач айылындагы сууга кулап түшүп, андан ары качып кетишкен. Кармалгандардын бирөө Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери экендиги аныкталды. Ички иштер министринин орун басарлары Өмүрбек Эгембердиев жана Болотбек Ногойбаев башында турган оперативдүү топ эми калгандарын издеп жатат. Эртең Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бул окуя тууралуу парламенттик угуу өткөрүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG