Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

ИРАКТА ИРАНДЫК ОППОЗИЦИЯЛЫК ТОП КУРАЛСЫЗДАНДЫРЫЛУУДА


“Мужахиддин Халк” деген ирандык оппозициялык топ Ирактагы америкалык аскерлер тарабынан куралсыздандырыла баштады. АКШнын Мамлекеттик департаменти террордук уюмдардын тизмесине киргизген мужахиддиндерди Тегеран Ирандын сотуна өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ошол эле мезгилде президент Хаттами “Хезболлах” террордук уюмуна колдоо көрсөтүүнү уланта берээрин жарыя кылды.

Вашингтондун ырастоосунда, “Мужахиддин Халктын” Ирактагы согушчандары апта соңуна чейин колго түшүрүлөт. АКШнын аскерий өкүлдөрү билдиргендей, уюм түндүк Ирактагы Ашраф базасын өткөрүп берүүгө макулдугун берди. Эки ортодогу келишим боюнча мужахиддиндер униформасын кийип жүрө беришет, жеке коргонуу үчүн тапанча-мылтык алып жүрө алышат, бирок танк, артиллерия өңдүү оор курал-жарактарын америкалыктарга өткөрүшөт. “Мужахиддин Халктын” статусу кайра каралып чыкмайынча уюмдун мүчөлөрү “согуш туткундары” эмес “колго түшкөндөр” деп аталмакчы.

Ирактагы согуш аракеттери жаңы башталганда, америкалык учактар мужахиддиндердин Ирандын чек арасына жакын жердеги базаларын бомбалашкан эле. Андан көп өтпөй коалиция менен уюм ок атышпоо жөнүндө сүйлөшүп, топтун базалары “аскерий эмес позиция” деп таанылган болчу.

Мужахиддиндер 1979-жылы Ирандын шахын тактыдан кулатууга катышкан. Акыркы 17 жылдан бери алардын негизги базалары Иракта жайгашкан. Дал Ирактын аймагынан согушчандар маал маалы менен Иран өкмөтүнүн өкүлдөрүнө каршы кол салууларды уюштуруп келишкен. “Элдик мужахиддиндер” деген ат менен да белгилүү топтун Батыш өлкөлөрүндө, анын ичинде Вашингтондо да, саясий кеңселери бар.

Мужахиддиндер АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан террордук уюмдардын тизмесине киргизилгени менен, Ирандын диний режимине каршы күрөшү үчүн америкалык конгрессте жана Британия парламентинде колдоого алынып келгени маалым.

Аналитиктер АКШ 8 миң жоокери бар топту кандай максат менен куралсыздандыра баштады деген суроо азырынча бүдөмүк экенин айтышууда. Женевадагы саясий коопсуздук борборунун эксперти Шахрам Хабин АКШнын Ирактагы аскерлери коалицияга кол кабыш кылбаган куралдуу топторго жол койбойт деген ойдо. А балким, деп кошумчалайт эксперт, соңку иш-чара Вашингтон менен Тегерандын Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы:

- Иракка каршы согушта АКШ менен Иран өз ара аракеттери жөнүндө эмне деп сүйлөшүшкөнүн билбейбиз. Балким Кошмо Штаттары Иранга:”Калпыс кадамдарды жасабай, бейтарап болсоңор, мужахиддиндерди куралсыздандырып беребиз деп айтышкандыр. Же болбосо бул ишти АКШ Тегеранга эч кандай убада бербей эле өз демилгеси менен жасап жатышы мүмкүн.

Иран бийлиги колго түшүрүлгөн мужахиддиндер өлкөнүн сотуна өткөрүлүп берилсин деген талап коюууда. Байкоочулардын көбү андай болгон күндө согушчандардын бардыгы тең өмүр жазасына тартылышат деген пикирде. Вашингтон болсо мужахиддиндердин тагдыры жөнүндө соңку чечим кабыл ала элек көрүнөт. Эксперт Хабин бул маселе Иран Иракка карата кандай саясат жүргүзөт деген суроого көз каранды болушу мүмкүн деп эсептейт. Мындан тышкары жалпы эле Иран-АКШ алакалары да чоң рол ойношу ыктымал. Хабин 1980-жылы Париж мужахиддиндерди Франциядан Африкага чыгарып жибергенин эске салып, азыр да ушундай сценарий кайталанышы мүмкүн деп белгилейт.

Ал эми Иран менен Кошмо Штаттарынын мамилелери стабилдүү бойдон кала берет деп айтуу кыйын. Эмне дегенде, Ливан менен Сирияда сапарлап жүргөн президент Мохаммад Хаттами АКШ Ирактан аскерлерин чыгарып кетиши керек деп, Вашингтон террорчулардын тизмесине кошкон “Хезболлах” уюмуна колдоосун уланта берээрин билдирди. Анын айтымында, Ливандын Хезболлах кыймылы Израилдин Палестинадагы баскынчылыгын токтотууга каршы күрөшкөн саясий партия катары улуттук милдетин аткарууда. Хатами шаршемби күнү Сирияга жол тартып жатып:

- Оккупация башталгандан бери биз Палестина элинин мыйзамдуу укуктары тепселенип жаткандыгына күбө болуудабыз. Аскерий оккупация менен экономикалык көзөмөл аркылуу Израиль өзүнүн баскынчылык саясатын улантып, башка аймактарды да ээлеп, региондогу согуштарга себепкер болууда.

Ал ошондой эле Саддам режиминен ирандыктар да запкы көргөнүн белгилеп өттү. Хатами Хусейндин кулатылышы бүтүндөй регион үчүн оң жышаана катары бааланарын айтып, Ирак эли чет элдик таманы астында калбасын деген кооптонуусун билдирди.

АКШ менен Иран өз ара дипломатиялык байланыштарын 1979-жылы үзүшкөн. Ал жылы бир нече радикалдуу студент Кошмо Штаттарынын Тегерандагы элчилигине кол салып, бир жылдан ашуун убакыт бою он чакты кишини барымтада кармап турду.
14-майда Ирандын расмий гезиттеринин бири өлкөнүн диний лидери Аятолла Али Хаменеи Вашингтон менен дипломатиялык мамилереди калыбына келтирүү идеясын четке каккандыгын кабарлап, “мындай кадам Тегеран Вашингтонго жеңилип берди дегенге барабар болот” деген анын сөзүн келтирди.

XS
SM
MD
LG