Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

МАЙЛЫСУУДА АСКЕР СОТУНУН ИШИ УЛАНТЫЛУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 15-майда Майлысууда Аскер сотунун иши улантылып, Аксы окуясында күбө болгон атуулдардын тергөөгө берген көрсөтмөлөрү уктурулду.

Республикалык Аскер соту бул күнү өткөн жылдын 17-март күнү Аксынын Боспиек айылында болгон окуя туурасында милициянын атайын даярдалган отрядына кызмат өтөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө кезек берди. Отряд взводунун командири Алдияр Түлөбаев Кербенге митинг өткөргөнү келаткан элге курал колдонуу же аларды таркатуу көрсөтмөсү эч кимден берилбегендигин кайталады. «Окту ким биринчи атты жана кайсы тараптан ок атылды?» - деген соттун суроосуна, ал окуя боюнча кылмыш иши кыскартылыгына байланыштуу жооп бере албай тургандыгын айтты. Өз катарындагы кесиптеши Расул Сартбаевдин бутуна таш тийип, дагы бир старшина арыкта жыгылып жаткандыгын, Замирбек Карабалаевдин шымынын сыртынан кан агып, анын баса албай калганын көргөнүн айтты. Оң балтырына ок, далысына таш тийгенин ырастаган отряддын бөлүмчөсүнүн командири Замирбек Карабалаев Кербендеги дарыгерлер ага карабай, башкы дарыгерди жер астына жашырып, өлгөндөрдүн сырттан өч алууга келишкен туугандарынан куткарып калгандыгын баяндап, Ички иштер министрлигинин ооруканасында бир нече ай бою айыккандыгын далил келтирди. Аксы окуясынын айынан кан басымы жогорулап дүйнөдөн кайткан райондун мурдагы прокурору Абдыкалык Калдаровдун көрсөтмөсүн судья Нурматов жарыя окуп берди. Абдыкалык Калдаров өз көрсөтмөсүндө, «18-мартта Кербенде нааразылык акциясын өткөрүүнү чечкен депутат Азимбек Бекназаровдун жактоочулары ал күнгө уруксат сурашкан эмес. Боспиек окуясына чейин мыйзамсыз иштерди өткөргөндөр суракка алынган эмес. Боспиектеги элдин алдына барган райондук кеңештин төрагасы Эргешалы Озукеев, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Бакыт Абдразаков эмнеге жооп беришпейт?» деген суроо койгон. «Депутат Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө элдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын талабы аткарылганда мындай окуя кан төгүлүү менен аяктамак эмес» деген пикирин калтырган. Сотто сөз берилген анын жубайы Калыс Сарыкулова күйөөсүнө коюлган айып негизи жок экендигин далилдөө менен соттун төрагасына кайрылды:

- Эмне дейин, улуу урматтуу төрагадан, коллегия курамынан суранып кетебиз. Абдыкалыктын ооруп жаткан апасын, ооруп жаткан атасын эске алып, ушул козголгон ишинин негизги курамы жоктугуна байланыштуу актоо өкүмүн суранабыз.

Соттолуучулар менен милициянын атайын отрядынын 6 кызматкеринин көрсөтмөсүнөн кийин, Боспиек окуясын чагылдырган эки тасма залдагыларга көрсөтүлдү. Аксылык жабырлануучулар менен күбөлөр катышпагандыктан, алардын тергөөгө берген түшүнүк каттары жарыя окулду. Күбө Ашыралиев, депутат Азимбек Бекназаровдун Токтогул районунда өтүүчү сотуна барууну чечкенинин себебин, 16-мартта облустун ал кездеги губернатору Султан Урманаевдин Карасуу айылында топтолгон элдин алдына барбай койгондугу менен түшүндүргөн. «Республикалык сыналгы маалыматты бир жактуу таратканы да элдин кыжырына тийди» деп аныктама берген. 17-мартта эртең менен атчандар Ош-Бишкек жолун тосууга, бир бөлүгү Токтогул районунда болуучу сотко барууга, жөө-жалаң калган адамдар Кербенди көздөй жолго чыккандыгын айтып, Турсунбек Акун кармалганда, аны бошотмок болгон аялдар сабалып, анан ташбараң башталып, ОМОНдордун арт жагынан асманга ок атылганда, артка качкандардын ичинен ок тийгендерди участкалык ооруканага жеткиришкенин эскерген. Андабеков тергөөчүгө берген көрсөтмөсүндө «райондук борборго бараткандарга кимдир-бирөө «чөнтөгүңөргө таш, кесек же бычак салбагыла, кокус текшерүүдө табылып калса айыптуу болосуңар» деп кеңеш бергендигин далил келтирген. «Элдин колунда нан, айран, суу салынган баштыгы гана бар болчу, ок атылган соң качып баратып жерде жаткан 4 адамды көрдүм. Аким, прокурор «митинг өткөрүүгө районго баратканыңар мыйзамсыз» деп түшүндүрүштү» деп жазган. Ушундай эле көрсөтмөлөрдү Ормонкулов, Эсенкулов, Сүйөркулов, Айталиев, Жоробек Курбанов, Анарбай Мамажанов жана башка 23 киши күбө катары тергөөчүгө жазып беришкен. Өткөн жылдын 17-март окуясы боюнча Майлысуу шаарында өтүп жаткан республикалык Аскер сотунун жүрүшү тууралуу Аксы районундагы «Укук жана адамдар» аттуу коомдук фонддун өкүлү Эмил Назаралиевдин ою мындай:

- Жабырлануучу тараптан эч кандай катышуучулар жок. Кылмыш боюнча жабырлануучу тарап сотто болгондо гана акыйкат болот деп ойлойм. Азыр менин оюмча туура эмес болуп атат.
XS
SM
MD
LG