Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

«ОШТОГУ ЖАРЫЛУУГА КАТЫШЫ БАР» ДЕП ШЕК САНАЛГАН ӨЗБЕКСТАНДЫК ЖАРАН БАТКЕНДЕН КАРМАЛДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен «Ош шаарында 8-май күнү болгон жарылууга катышы бар» деген шек саноо менен Өзбекстандын Анжиян шаарынын 25 жаштагы тургуну Улукбек Каримов Баткен облусунун аймагынан кармалды.

Өткөн жуманын соңунда Өзбекстандын Сох анклавына жакын жердеги Баткендин Таян айылында Баткен облусунун ички иштер кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну, 25 жаштагы Улукбек Каримов кармалды. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аны «Ош шаарында 8-май күнү болгон жарылууга катышы бар» деп шек алып жатышат. Бул иш-чаранын кандай жүргөнүнө облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Рустам Мырзаматов мындайча токтолду:

- Баарыбызга белгилүү болгондой, 8-май күнү Ош шаарында «Бакай» банкынын акча алмаштыруу пунктунда жарылуу болгон эле. Ушуга негизделип министрликтен көрсөтмө келген, «Перехват» деген атайын планыбызды ишке киргизүү боюнча. Ошол пландын негизинде облусубуздун аймагында, Өзбекстан, Тажикстан менен чек араларда бекеттерди күчөткөнбүз. Ошол эле чек ара аймагында биздин Таян айылына караган бекет коюлган. Ошол 10-май күнү биздин Таян бекетинде турган кызматкерлер Өзбек Республикасынын тургундары Каримов Улукбек Турсунович деген жигитти, аны менен кошо жүргөн дагы бир аялды жана «Волга» маркасындагы автомашинанын айдоочусун кармашкан эле. Текшерип көргөнүбүздө Каримов Улукбектин Ошто болгон жарылууга, андан тышкары Бишкекте болгон жарылууга тиешеси бар деген шек саноо пайда болду. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан, министрликтен бизге көрсөтмө келди, ошол жигитти Ош шаарына жеткирип, өткөрүп берүүгө. Ошол эле учурда Каримов менен кармалган аял жана машинанын айдоочусу Сох районунун аймагында калып кеткен эле. Биз Сох райондук ички иштер бөлүмүнө жардам сурап кайрылганыбызда, аларды ошол жерде кармап, бизге өткөрүп бермек болушкан. Бирок Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын кандайдыр-бир көрсөтмөсүнө ылайык ал кишилерди Фергана облусуна алып кетишти.

Кармалган эки өзбек жаранын Өзбекстандын Сох райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фергана шаарына алып баратканда, Кадамжай районундагы Кайтма чек ара бекетиндеги кыргыз чек арачылары аларды шектүү кишилерди алып өтүү боюнча тиешелүү документтери жоктугуна байланыштуу өткөрбөй коюшат. Ошол учурда бул чек ара бекетине келип калган Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ташкуржаев мырза кыргыз чек арачыларына кыжырланып кыйкырып, шектүү кишилерди өзүнүн автоунаасына салып өтүүгө аракет жасайт. Анын мындай мыйзамсыз жоругунан улам, күзөттө турган чек арачылардын башчысы эскертүү иретинде асманга ок чыгарат. Ушундан соң гана кыжырланган Ташкуржаев бул маселени чечиш үчүн кыргызстандык кесиптештери менен сүйлөшүүгө кетет. Сүйлөшүүлөрдөн улам маселе оң жагына чечилип, өзбек тартип коргоо кызматкерлери өз жарандарын чек арадан тоскоолдуксуз алып өтүшөт. Бирок, ошол маселе чечилгиче Сох районун аралап өткөн Ош-Баткен жолунда өзбек чек ара, бажы бекеттеринде көзөмөл кескин күчөтүлүп, кыргыз жарандарынын ары-бери каттоосун кыйындатып жиберген. Бул окуяга күбө болгон, аты-жөнүн атагысы келбеген Баткен облусунун тургуну бизге кѳргѳн-билгенин мындайча айтып берди:

- Мен жекшемби күнү Оштон келаткам. Түштөн кийин Баткен районуна жакын турган Өзбекстандын Сох анклавына келгенде, бир канча кыргызстандык автоунаалардын турганын көрдүм. Биз да ошол жерге келип турдук. Кезек жеткенден кийин Өзбекстандын бекетиндеги кызматкерлер бизди да аңтарып, текшере баштады. Мурда дагы бизди ушундай текшеришкен, бирок бул текшерүү адаттагыдан өзгөчө болду. Өзбекстандык бекеттин кызматкерлери дайынсыз эле шылтоолор менен биздин машиналарды баш-аягына чейин тинтип, текшерип чыгышты. Бир сааттан ашык турдук. Андан кийин өтө баштадык. Бирок ушул аралыкта биздин Кыргызстандын жарандары өтѳ нааразы болушту.

Ал эми кыргызстандык тартип коргоо кызматкерлери тарабынан «Оштогу жарылууга тиешеси бар» деген шек саноо менен кармалган Өзбекстандын жараны «Кыргызстандын аймагына соода-сатык иштерин жүргүзүү максатында келгенин» алгачкы суракта билдиргенине милициянын полковниги Рустам Мырзаматов мындайча токтолду:

- Бул маселеде өздөрүнүн айтканы боюнча айтышыбыз керек. Себеби, алар: «Таян аймагында жайгашкан, андан жогорку Кожашканга чейинки айылдарда илгерки заманда жасалган килемдерди алганы коммерциялык иш менен келдик» деп айтып атышат. Ошто тергөө жүргүзүлүп аткандыктан, Ошко өткөрүп бердик. Ал жерде мунун бардыгы аныкталып, такталып, чара көрүлөт.

«Бишкек, Ош шаарларындагы жарылууларга тиешеси бар» деген шек саноо менен кармалган ушул жана башка өзбек жарандарынын «Өзбекстан ислам кыймылы» менен кандайдыр-бир катышы бар экендиги тууралуу маалыматтар айтылып жатканы жалпыга маалым. Баткен облусунун аймагынан кармалган Улукбек Каримовдун да тоо таянган Таян айылына келиши ар кандай күмөн ойлорду жаратпай койбойт. Аталган айылдан ары кеткен жол мындан 4 жыл мурда өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган куралдуу топ кол салган Зардалы, Кожашкан багытын көздөй кетээрин эстесек, күмөн саноолор ого бетер күчөйт. Кандай болгон күндө да, алдыда болчу тергөөлөр бул иштин аныгына чыгаар. Күтө туралы.

XS
SM
MD
LG